Түрк басма сөзү 10.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1972151
Түрк басма сөзү 10.04.2023

«Стар» гезити «Эрдогандан 'IMECE' бөлүшүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, ата мекендик жана улуттук ресурстар менен өндүрүлгөн биринчи жогорку чечмелөөдөгү байкоо спутниги IMECEнин 11-апрелде космостогу орбитасына учурула турганын билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Министр Дөнмез билдирди, Bloomberg дүйнөгө жарыя кылды» аттуу маалыматында Түркия Кара деңиз газы үчүн саналуу күндөр калганын жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин билдирүүсүн өз баракчасына жарыялаган америкалык компания Bloomberg, бул кабарга «Түркия өзү тапкан газды май айынан тарта үйлөргө жеткирүүнү максат кылууда» деген теманы койду.

«Йенишафак» гезити «Автомобиль тармагындагы тарыхый рекорд» аттуу кабарында Түрк автомобиль өнөр жайынын март айында айлык негизде тарыхый рекордду жаңыртып, 22,8 пайыздык өсүү менен 3,3 миллиард долларлык экспортко жетишкенин билдирген.

«Хабертүрк» гезити «Айыл чарба экспортунда рекорд» аттуу маалыматында айыл чарба секторунун 8 миллиард 626 миллион доллар менен биринчи чейректин эң жогорку экспортуна жеткенин жазган.

«Сабах» гезити «Министр Эрсой: АКШдан кийин дүйнөдө эң көп кинотасма экспорттогон өлкөбүз» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой «Манну Чанаккаледе» анимациялык фильминин бет ачарында: «Өлкөбүз кино тармагында абдан өнүккөн деңгээлде. Дүйнөдө АКШдан кийин эң көп кинотасма экспорттогон өлкөбүз»,-дегенин билдирген.



Тектеш кабарлар