Түрк басма сөзү 03.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1941476
Түрк басма сөзү 03.02.2023

«Стар» гезити «Түркия аракетке өттү, Норвегия артка кадам таштады» деген кабарында Тышкы иштер министри Мелүт Чавушоглунун Түркиянын эскертүүсү менен Норвегиянын Куран Каримдин өрттөлүшүнө берген уруксатын токтоткондугун айтканын баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Катчы Челик консулдуктарын жапкан өлкөлөргө каршылык көрсөттү» деп билдирип, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  басма сөз катчысы Өмер Челиктин Түркиядагы консулдуктарын «коопсуздук» деген негиз менен   жапкан өлкөлөргө каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Катчы Челик : «Түркия коопсуз өлкө. Коопсуздук күчтөрүбүз жана чалгындоо бөлүмдөрүбүз иш үстүндө. Бүгүнкү күндө кооптуу деп сыпаттала турган өлкөлөр ; мигрант жана исламга каршы саясий кыймылдар, демократияга каршы чыккан жана ыйык китебибиз Куранга кол салуу болгон жерлер. Түркияны алсыратууну көздөгөн билдирүүлөрдү четке кагабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Варанк: учкучсуз учуучу аппарат жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу үчүн өлкөлөр кезекке турушууда» деген макаласында Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээки сөзүндө Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында олуттуу ылдамдыкка ээ болгонун белгилеп : «Өлкөлөр учкучсуз учуу аппарат İHA жана куралдуу учкучсуз учуучу аппарат SİHAларды сатып алуу үчүн кезекте турат»,-дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Хүржет моторун иштетти» деп жазып,  Коргонуу өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин кечээ социалдык медиа эсебинен : "Түрк коргонуу өнөр жайы катары Республикабыздын 100 жылдыгында ишибиз ылдамдык менен уланууда. Реактивдүү машыгуу жана жеңил чабуул учагы «Хүржет» моторун ишке киргизди! Эми кезек учууда",- дегенин кабарлаган.

«Ватан» гезити «Министр Муш : январь айында экспорт 19,4 миллиард долларга жетти» деген кабарында Соода министри Мехмет Муштун январь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүнө байланыштуу билдирүүсүндө : «Түркия маанилүү өндүрүш базасы, 2023 - жылы ийгиликке жетеринен эч күмөнүбүз жок.  Январь  айындагы экспорт 10,4 пайызга өсүп 19,4 миллиард долларга жетти»,- дегенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар