Түрк басма сөзү 25.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1937422
Түрк басма сөзү 25.01.2023

«Стар» гезити «Президент Эрдогандын сөздөрү дүйнөгө жаңырды» аттуу кабарында расист саясатчы Расмус Палудандын Куранга кол салуусунан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын Швеция бийлигине каршылык көрсөткөнүн жазган. Эрдогандын «НАТО боюнча бизден эч кандай колдоо ала албайсыңар» деген сөздөрү дүйнөлүк басма сөздүн баш макаласында орун алды.

«Хабер түрк» гезити «Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Нидерландиянын Гаага шаарында исламга каршы бир адамдын ыйык китебибиз Куранды бутага алган жийиркеничтүү кол салуусун эң катуу айыптайбыз»,- деп айтылганын жазган.

«Сабах» гезити «Президенттиктин басма сөз катчысы Калын Нидерландияда Курани Каримге жасалган кол салууга каршылык көрсөттү» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Нидерландияда Курани Каримге жасалган кол салууга байланыштуу: «Бул фашисттик жек көрүү кылмышын эч ким эркиндик жана сабырдуулук катары коргой албайт. Европа бул караңгы багытты токтотушу керек»,-дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Министр Акар: Зап террористтерден тазаланды» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «Чеңгел кулпу» операциясында белгилүү бир баскычка жеткендерин белгилеп: «Зап аймагы (Ирактын түндүгү) чоң өлчөмдө террористтерден тазаланды. «Чеңгел кулпу» операциясы менен Ирак чек арасындагы 302 чакырымдык линия коопсуз болуп, 506 террорист зыянсыздандырылды» дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Селчук Байрактардан Кызылелма жарыясы» аттуу кабарында Байкар Башкармалыгынын төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактар: «Биздин учкучсуз согуштук учагыбыз KIZILELMA системаны аныктоо учуусун ийгиликтүү аяктады. Өлкөбүзгө, элибизге ийгилик»,-деп айтканын билдирген.



Тектеш кабарлар