Түрк  басма сөзү  24.1.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1936968
Түрк  басма сөзү  24.1.2023

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдогандан Швецияга НАТО ветосу» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ кабинет жыйынынан кийин берген маалыматында Куран    Карим өрттөлгөн кыймылды көрбөстүккө салган швеция бийлигине катуу сөздөр менен каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Эрдоган : «Швеция башкаруусу  эркиндик жана укукту сыйлаган болсо, оболу Түркия Республикасынын жана мусулмандардын диний ишеничине сый көрсөтүшү керек. Бул сыйды көрсөтө албасаңар капа болбогула бизден да НАТО тууралуу эч бир колдоону ала албайсыңар»,- деди.

«Стар» гезити «Европа Биримдиги жарыялады : Стамбулда чоң саммит өткөрүлөт» деп билдирип, Европа Биримдигинин түрк делегациясынын башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландруттун Россия-Украина согушунун бир жылдыгына байланыштуу 22-февралда Стамбулда чоң саммиттин өткөрүлөрүн билдиргендигин кабарлаган.

«Ватан» гезити «Министр Дөнмез :  «Күч» кемеси деңиз түбүндөгү операциялар үчүн флотубузга кошулду» деп жазып, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин кечээги билдирүүсүндө Кара деңиздин тереңинде энергетикалык база куруп жатышкандарын белгилеп : «Булар үчүн да атайын кемелерге муктажбыз, «Күч» деп атаган кемебиз деңиз түбүндөгү  операцияларды аткаруу үчүн флотубузга кошулду»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын Түндүк Африкага  экспорту өстү» деген кабарында Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын Түндүк Африка өлкөлөрүнө экспорту өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга өсүп 13 миллиард 148 миллион долларга жеткенин жазган.

«Хүррйиет» гезити «Керектөөчүлөрдүн ишеним индекси өстү» деген макаласында Түркия Статистика мекемеси жана Түркия Республикасынын Борбордук банкынын маалыматына караганда, январь айында керектөө ишеним индекси 79,1 болуп, декабрь айында бул көрсөткүчтүн 75,6 пайызга жеткендигин белгилеген.



Тектеш кабарлар