Түрк басма сөзү 20.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1935559
Түрк басма сөзү 20.01.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : 2023  - жылды тарыхка сыймыктануу менен жазабыз» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Амасиядагы Бадал туннелинин ачылыш аземинде : «Өткөн күндөрдө өз кризистерине чөккөн өлкө элек. Эми болсо глобалдык кризистерди мүмкүнчүлүккө айландырган өлкө катары каралуудабыз. Көптөгөн чоң долбоорлорубуздун, эмгегибиздин жакшы жыйынтыктарын ала турган 2023 – жылды сыймыктануу менен тарыхка жазабыз»,-  дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Боднар: туткундарды алмашуу Түркия аркылуу болушу мүмкүн» деп билдирип, Украинанын Анкара элчиси Васил Боднардын Түркиянын  ортомчулугунда Украина менен Россиянын ортосунда  гуманитардык жардам коридорунун түзүлөрүнө ишенгендигин айтып : «Украинада орустардан эки жүз киши бар. Россияда болсо сегиз жүз украиналык туткун бар. Муктаждык болгондо бул алмашуулар Түркия аркылуу ишке ашырылат», - дегенин белгилеген.

«Йени шафак» гезити  «Американын гезити The Hill Түркиянын глобалдык бир актер экендигин белгиледи» деген макаласында Американын The Hill гезитинде жарыяланган макалада  АКШ менен Түркиянын ортсундагы карым – катнаштын күчөтүлүшү керектиги айтылгандыгын жазган. Түркиянын Россия жана Украинанын ортосунда болгон согушта жүргүзгөн саясаттан улам глобалдык бир актер экендиги баса белгиленди.

«Стар» гезити «Бизди бир гана Түркия түшүнөт» деп билдирип, Босиния Герцеговинада министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Бисера Турковичтин : «Менин оюмча Босния Герцеговинаны өзгөчө Балкандарды түшүнгөн бир өлкө бар болсо ал да Түркия экендигин унутпайлы»,- дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту дүйнөнүн мыкты байланышуучу экинчи аэропорту болду» деген кабарында тосуп алган жүргүнчү саны жактан акыркы үч жылда Европанын сап башында турган Стамбул аэропорту 309 пунктка берген ташуу мүмкүнчүлүгү менен дүйнөдө эң жакшы байланышы бар аэропорттордун арасында экинчи орунду алгандыгын кабарлаган.



Тектеш кабарлар