Түрк басма сөзү 13.12.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1918105
Түрк басма сөзү 13.12.2022

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган мунай тууралуу сүйүнчүлөдү» деген кабарында президент Эрдогандын Түркия Инновация жумасы Иновалиг чемпиондор сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп : «Мунай тууралуу түрдүү облустардан кубантуучу кабарлар келип жатат. Өлкө ичиндеги мунай өндүрүшүбүздү алдыдагы жылы күнүмдүк 100 миң баррелге чыгарууну максат кылуудабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Акар Грецияны эскерти» деп жазып,  Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын : «Греция акылга сыйбаган, логикага туура келбеген жана мыйзамсыз талаптар, дооматтар, тынымсыз чагымчыл аракеттер менен   чыңалууну күчөтүү үчүн бардык аракетин кылууда»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «ММУ, Кызылелма, Хүржет... Форбес: Түркиянын аскердик учактары 2023 – жылы асманда» деген макаласында Американын «Форбес» журналынын  «Түркиянын 2023 -  жылы биринчи жолу уча турган аскердик учактары» деген анализдик жазуусу менен улуттук реактив жана учкучсуз учуучу аппараттарыбызды жакындан иликтеп жаткандыгын кабарлаган.

«Сабах» гезити «Символдордун көпүрөсү тарыхта калды» деп билдирип, Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун 318 метрдик мунаралардын үстүнө жайгаштырылган 16 метрдик архитектуралык замбирек октору менен дүйнөнүн эң бийик мунаралары бар асма көпүрө катары тарыхта калгандыгын айтканыдыгын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «125, 9 миллион долларлык түрк лососу экспорттолду» деген маалыматында Кара деңизден 2022 -  жылдын январь -  ноябрь айларында түрк лососу экспортунун 207 пайызга өсүп 125  миллион 858 миң 348 долларга жеткенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар