Түрк басма сөзү 9.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1916658
Түрк басма сөзү 9.12.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Жаңы жылдан тарта инфляция маселесин чечкен болобуз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия-2023 саммитине видео кайрылуу жолдоп: «Азыркы кымбатчылык жана инфляция маселесин да этап-этабы менен чечип жатабыз. Көрүлгөн чаралардын таасири менен буюрса жаңы жылдан тарта инфляция маселесин чечкен болобуз»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Акардын F-16 билдирүүсү: Оң кадамдарды күтөбүз» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, АКШда Түркияга F-16 сатууну чектеген беренелердин коргонуу бюджетинин акыркы текстинен алынып салынышына байланыштуу: «Оң мамилеге жараша азыр биз АКШдан конкреттүү кадамдарды күтүп жатабыз. Бул процесстин оң жана тезирээк бүтүшүн каалайбыз»,-дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Вучич: Түркия маанилүү өнөктөш» аттуу кабарында Сербиянын президенти Александр Вучичтин, Түркияны Батыш Балкандарда тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы менен бирге инфраструктура жана энергетика тармагындагы чоң долбоорлордун ишке ашырылышында маанилүү өнөктөш катары эсептегендерин билдиргенин баяндаган.

«Хаберт түрк» гезити «Түркия ноябрь айында 354,9 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоду» аттуу маалыматында Жер Ортолук деңиз жашылча-жемиш экспорттоочулар коомунун төрагасы Ферхат Гүрүз, Түркиянын ноябрь айында 354,9 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттогондугун белгилегенин жазган. Аталган мезгилде эң көп экспорт Орусияга жасалды.

«Стар» гезити «THY 2022-жылы Европадагы эң мыкты дизайндалган авиакомпания болуп тандалды» деген кабарында Түрк аба жолдору (THY) Стамбул аэропортунун жүргүнчүлөр үчүн байланыш түйүндөрү жана кабинадагы тажрыйба дизайндары үчүн авиациялык веб-сайты «TheDesignAir» тарабынан «Европанын 2022-жылдагы эң мыкты дизайндалган авиакомпаниясы» болуп тандалганын жазган.



Тектеш кабарлар