Түрк басма сөзү 6.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1915298
Түрк басма сөзү 6.12.2022

«Стар» гезити «Европа Түркиянын дипломатиялык күчүнө муктаж» аттуу маалыматында «Стар» гезитинин башкы редактору Нух Албайрактын Орусия-Украина согушунан улам Европа учурда Түркиянын айланасында айланчыктап жатканын айтканын баяндаган. Европанын Түркиянын дан коридору жана энергетика боюнча демилгелерине басым жасаганын баса белгилеген Албайрак: «Европа өлкөлөрүнүн Түркиянын дипломатиялык күчүнө муктаждыгы бар»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Октай: Түркиянын бюджети инвесторлорду шыктандырат» деген кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) жалпы жыйынында Борбордук өкмөттүн 2023-жылга бюджеттик мыйзам сунушу боюнча сүйлөшүүлөр башталганын маалымдаган. Вице-президент Фуат Октай бюджеттин презентациясын жасап жатып: «Бюджетибиз ишкерлерди жана инвесторлорду кубаттайт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Абдүлхамид Хан кемеси бургулоо иштерин баштады» аттуу кабарында «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси Жер Ортолук деңизиндеги Ташужу-1 скважинасында бургулоо иштерин баштаганын маалымдаган. Түрк мунайзат корпорациясынын (TPAO) Твиттер эсебинен берилген билдирүүдө «Көз карандысыз энергия, Күчтүү Түркия максаты менен иштөөнү улантуудабыз» деген билдирүү таратты.

«Йени Шафак» гезити «Түркия менен Азербайжандын биргелешкен аскердик машыгуусу» аттуу кабарында Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү Азербайжанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшкөнүн жазган. Түрк жана Азербайжан армиясы Баку, Астара, Жебрайыл жана Имишли облустарында машыгууларды баштады. Машыгууда кургактык жана аба күчтөрү, атайын бөлүктөр, инженердик бөлүкчөлөр, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөр ар кандай тапшырмаларды аткарууда.

«Сабах» гезити «Сириялыктар үйлөрүнө кайтуу үчүн кургактыктан операцияны күтүп жатышат» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү менен Сириянын улуттук армиясы операция үчүн буйрук күтүп жаткан кезде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Килистин так тушундагы аймактардан качуусу башталганын белгилеген. ЙПГ/ПКК тарабынан жерлеринен Түркия чек арасына сүргүнгө чыгарылган жүз миңдеген киши Азез, Шехба жана Тель-Рыфаттагы үйлөрүнө кайтуу үчүн кургактыктан операцияны күтүп жатышат.

 

 



Тектеш кабарлар