Түрк басма сөзү 5.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1914494
Түрк басма сөзү 5.12.2022

«Сабах» гезити «Дан коридору аркылуу ташылган эгиндин көлөмү 13 миллион тоннадан ашты» аттуу кабарында улуттук Коргоо министрлиги, Украина портторунан дан ташуунун уланып жатканын жана ташылган эгиндин көлөмүнүн 13 миллион тоннадан ашканын билдиргенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Варанк: Түркия электрлештирүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болот» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк көп улуттуу фирманын Измирдеги ишканасына барып: «Түркия электрлештирүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болот жана бул жерден дүйнөгө саткан продукцияларыбыздан тышкары Түркиядагы өндүрүүчүлөр да продукцияларын ушул жерден бере башташат»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Жерден көтөрүлгөн Кызылелмага дүйнө жүзү жакындан байкоо салууда» аттуу кабарында Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Байрактар ​​Кызылелмага дүйнөлүк басма сөздүн жакындан байкоо салып жатканын билдирген. Кызылелманын жерден көтөрүлүү сыноосунда бир топ тең салмактуу көрүнгөнүн белгилеген чет элдик басма сөз, биринчи учуусунун жакындап калганына токтолушту.

«Хабертүрк» гезити «Түрк лирасы менен экспорт ноябрь айында жылдык негизде 114 пайызга өстү» аттуу маалыматында Түркиянын түрк лирасы менен экспорту ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 114 пайызга өсүп 15 миллиард 679 миллион лирага жеткенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропорту Европада биринчи» аттуу кабарында акыркы үч жылда кабыл алган жүргүнчүлөрдүн саны боюнча Европадагы аэропорттордун арасында биринчи орунду ээлеген Стамбул аэропорту 2022-жылдын 25-ноябрынан 01-декабрына чейин күнүмдүк 1210 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар