Түрк басма сөзү 25.11.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1910784
Түрк басма сөзү 25.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан билдирүү» деген кабарында президент Эрдогандын кечээ берген билдирүүсүндө : «Мугалимдерибизге кол көтөргөндү биз тып тыйпыл кылабыз. Өлкөбүзгө карата террордук коркунучту толугу менен жок кылганга чейин  күрөшүбүздү улантабыз» - дегенин жазган.

«Стар» гезити «Вице – президент Октай : Террордун бардык элементтери менен күрөшүүгө даярбыз» деп жазып, вице – президент Фуат Октайдын кечээ борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө : «Хатайдан Хаккариге чейин түштүк чек араларыбыздын баарында террордун бардык элементтери менен күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантабыз»- дегенин белгилеген.

«Сабах» гезити  «Министр Чавушоглу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен сүйлөштү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана Украинадагы акыркы окуялар менен дан коридорунун талкуулангандыгын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Акар орус кесиптеши Шойгу менен сүйлөштү» деп билдирип, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө эки  министр аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.

"Йени шафак" гезити "Ата мекендик унаа ТОГГдо массалык өндүрүш улантылууда"  деген маалыматында Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы ТОГГдо массалык өндүрүштүн улантылып жаткандыгын белгилеген. 227 -  ата мекендик унаа чыкты. ТОГГдун эл аралык техникалык квалификациялык сыноолор аяктагандан кийин 2023 - жылдын март айында жолго чыгышы күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар