Түрк басма сөзү 19.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1881457
Түрк басма сөзү 19.09.2022

«Сабах» гезити «Эрдагандан Нью-Йоркто маанилүү билдирүүлөр» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түрк-Америка Улуттук башкаруу комитетинде жасаган билдирүүсүндө: «Америкалык досторубуздан ПКК-ЙПГ жана ФЕТӨ менен күрөшүүбүздө биримдиктин духуна туура келе турган иш-аракеттерди күтөбүз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Француз каналы: президент Эрдогандын үстөмдүгүнүн далили» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышкан лидерлер менен жолуккан учур дүйнөлүк басма сөздүн күн тартибинде орун алганын билдирген. Француз LCI телеканалы, Эрдогандын саммитке катышкан берки өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн фотосүрөтүнө басым жасады. Эфирге катышкандар, лидерлердин президент Эрдоганды угуп жаткан учурга комментарий берип «Эрдогандын үстөмдүгүнүн далили», дешти.

«Хүррийет» гезити «Ханыша үчүн 8 күндө 1,3 миллион гүл жөнөтүлдү» аттуу кабарында Англияда ханыша Елизавета II каза болгондон кийин Түркиянын негизги гүл өндүрүүчү аймагы Анталья менен Ыспартадан Англиядагы аза күтүү жана жаназа зыйнатында колдонулушу үчүн 8 күндүн ичинде 1 миллион 310 миң гвоздика гүлү экспорттолгонун билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Кызылелманын биринчи мотор интеграциялык тести өткөрүлдү» аттуу маалыматында Байкар тарабынан иштелип чыккан Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Байрактар ​​Кызылелманын биринчи мотор интеграциялык сыноосунун ийгиликтүү аяктаганын билдирген. Байрактар ​​Кызылелманын биринчи учуусунун 2023-жылы ишке ашырылышы пландалууда.

«Йени шафак» гезити «Бордун кошумча наркын эки эсеге көтөрө турган Түркиянын биринчи ферробор заводунун пайдубалы түптөлдү» деген кабарында Балыкесирдин Бандырма шаарында бордун кошумча наркын эки эсеге көтөрө турган Түркиянын биринчи ферробор заводунун пайдубалы түптөлгөнүн жазган. Жылдык өндүрүш кубаттуулугу 800 тонна болгон жана 100 кишини жумуш менен камсыз кыла турган объектинин курулушун баштаган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, ишкананын 2023-жылдын аягында ишке бериле турганын билдирди.



Тектеш кабарлар