Түрк басма сөзү 14.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1879643
Түрк басма сөзү 14.09.2022

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглунан Азербайжан билдирүүсү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен сүйлөшкөнүн билдирген. Чавушоглу сүйлөшүүгө байланыштуу: «Армения эми провокацияны токтотушу керек. Азербайжан менен жетишилген макулдашуунун алкагында тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жана кызматташтыкка көңүл бурушу зарыл»,-деди.

«Ватан» гезити «Улуттук коргоо министри Хулуси Акардан Грецияга катуу эскертүү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Грециянын акыркы мезгилде күчөп жаткан провокацияларына каршы: «Тарыхтан сабак алгыла дейбиз. Жаңы жоруктарды баштабагыла. Кээ бирөөлөр кулагыңызга бир нерселерди айтышы мүмкүн. Булар туура эмес экенин тарыхта көрдүңүздөр. Окшош нерсени кайталабагыла. Бул темада акылдуу болгула»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркия менен иштешүүнү улантабыз» аттуу кабарында Жер Ортолук деңизинде НАТОго мүчө 12 өлкөнүн катышуусунда «Динамик деңизчи-Көк ​​кит-22» машыгуусу өткөрүлүп жатканын белгилеген. НАТОнун билдирүүсүндө: «Агрессиянын алдын алуу жана альянсты коргоо үчүн Түркия жана берки союздаш-өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантабыз»,- деп айтылды.

«Йени шафак» гезити «Стамбул аэропорту кайрадан алдыда» аттуу маалыматында Европанын Аэропорттор кеңеши (ACI Europe) 2022-жылдын 5-11-сентябрына карата көрсөткүчтөрдү жарыялаганын билдирген. Буга ылайык Стамбул аэропорту 5-11-сентябрь аралыгында 1351 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду.

«Стар» гезити «Рыза Каяалп 5-ирет дүйнө чемпиону» аттуу кабарында Сербиянын борбор шаары Белградда өткөрүлгөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда улуттук балбан Рыза Каяалп ирандык Амин Мирзазадени жеңип 5-ирет дүйнө чемпиону болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар