Түрк басма сөзү 13.09.2022
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Биз келечегибизди тарыхы менен сыймыктанган жаштарга тапшыргыбыз келет» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ 2022-2023-окуу жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз акылы, жүрөгү бош селсаяк жаштарды эмес, илим-билимдүү, идеялуу, адептүү жаштарды каалайбыз. Келечегибизди өз мамлекетибизге жек көрүү, жаман көрүү жана ачуулануу менен караган эмес, тарыхы менен сыймыктанган жаштарга тапшыргыбыз келет»,-деп айтканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглудан Грецияга эскертүү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын акыркы күндөрдө көрсөткөн позициясын : «Грек дагы эле тырмап, тырманууда. Эгер башкалардын атынан бир авантюрага барсаң, анын кесепеттерин көрөсүң. Бул Грецияга бир эскертүү» деген сөздөрү менен баа бергенин маалымдаган.
«Сабах» гезити «Министр Акардын «Чеңгел-Кулпу» операциясы боюнча билдирүүсү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясында ушул убакка чейин 371 террористтин жок кылынганын билдиргенин маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Коргонуу өнөр жайынын экспорту рекорд койду» деген маалыматында коргоо жана аэрокосмостук сектор 2022-жылы рекорддук деңгээлге жетүү белгилерин көрсөтүүдө экенин жазган. Жылдын 9 айынын жыйынтыгында жалпы сектор экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 42,2 пайыздык өсүү менен 2 миллиард 636 миллион долларга жетти.
«Стар» гезити «Июль айындагы жумушсуздук көрсөткүчтөрү жарыяланды» деген кабарында Түркияда жумушсуздук деңгээли июль айында өткөн айга салыштырмалуу 0,3 баллга азайып 10,1 пайыз болгонун белгилеген.