Түрк басма сөзү 31.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1873893
Түрк басма сөзү 31.08.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Греция биз менен тең тайлаш эмес» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк согуштук учактарына С-300 абадан коргонуу системаларын бекиткен Грецияга катуу каршылык көрсөткөнүн билдирген. «Бир өлкө учагына радардын бекитилиши душмандык аракет болуп саналат. Бул НАТОго каршы жасалган кысым экенин да билдирет», деген Эрдоган Грециянын Түркиянын саясий, экономикалык жана аскердик жактан да тең тайлаш эмес экенин белгиледи.

«Стар» гезити «Түркия өзүнө берилбегенди өндүрүүгө кудуреттүү» аттуу маалыматында Түркияга F-35 согуштук учактарын бербеген Америка Кошмо Штаттарына каршылык көрсөткөн президент Эрдоган, Түркиянын өзүнө берилбеген ар бир продукцияны ата мекендик жана улуттук каражаттар менен өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин баса белгилеп: «(Орусиядан) сатып алынган коргонуу системаларына (С-400) реакция кылып алар бизге F-35ти беришпейт экен, бизге баары бир. Бизге берилбеген бардык продукцияны чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган, Түркия кайда барбасын тынчтыкты алып келет» аттуу кабарында президент Эрдогандын Түркиянын барган жерине тынчтык, достук жана бакубатчылык алып келерин айтканын жазган. Эрдоган Африкадан Түштүк Америкага чейин кылымдар бою зомбулукка кабылып келген, жандары жана мал-мүлкү талап-тонолгон коомчулуктардын бүгүнкүн күндөгү эң жоомарт өнөктөшүнүн Түркия экенин айтты.

«Ватан» гезити Европа Биримдигинен (ЕБ) Түркияга дан келишими үчүн ыраачылык» аттуу маалыматында Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, бүткүл дүйнөнүн жогорку инфляция жана карыздардын себебинен келип чыккан финансылык жүктөрдөн улам көйгөйлөрдү башынан кечирип жатканын айтканын билдирген. Боррель: «Мунун баары болуп жаткан кезде дан келишимине кол коюлуп, ишке ашырылганын көрүп кубанып жатабыз. Бириккен Улуттар Уюмуна жана Түркияга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «TEKNOFEST башталды» аттуу кабарында Авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST Самсундагы Чаршамба аэропортунда башталганын билдирген. Коомчулук чоң кызыгуу көрсөткөн фестивалда ата мекендик учкучсуз согуш учактары, тик учактар ​​жана реактивдер ​​көргөзмөгө коюлууда. 4-сентябрга чейин улана турган фестивалдын алкагында ар түрдүү шоу жана технология жарыштары өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар