Түрк басма сөзү 9.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1865394
Түрк басма сөзү 9.08.2022

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган: ымыркайларды өлтүрүүнүн эч кандай шылтоосу болбойт» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээки 13-Элчилер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө: «Аль-Акса мечити биздин кызыл сызыгыбыз»,-деп айтып «Балдарды, ал тургай ымыркайларды өлтүрүүнүн эч кандай шылтоосу болбойт, Түркия газалык бир туугандарынын жанында»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: Израилдин кол салууларын айыптайбыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээки 13-элчилер конференциясында: «Израилдин Аль-Акса мечитине кирүү аракети эч качан кабыл алынбайт. Израилди катуу айыптайбыз жана кечээ кечинде жарыяланган ок атышпоонун туруктуу болушун каалайбыз»,- дегенин баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Песков: Эрдоган сүйлөшүүлөрдө чоң роль ойноодо» аттуу кабарында Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украина менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын уюштурууда чындап чоң роль ойноду»,- дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «TOGGдо биринчи батарея өндүрүлдү» аттуу маалыматында ата мекендик TOGG унаасында иш-аракеттердин толук ылдамдыкта уланып жатканын кабарлаган. Гебзедеги Батарея өнүктүрүү борборунда биринчи прототип батареянын чыгарылганы жана сыноолордун ийгиликтүү өткөнү жарыяланды.

«Стар» гезити «Байкарга күтүлбөгөн сунуш» аттуу кабарында Түркия өндүргөн өзгөчө чек ара операцияларындагы ийгилиги менен бүт дүйнөнү суктандырган Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар үчүн жаңы талапкер пайда болгонун жазган. Сауд Арабиянын Король Абдулазиз илим жана технология корпорациясы (KACST), түрк фирмасы Baykar технология менен Сауд Аравияда жергиликтүү түрдө ар кандай учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар