Түрк басма сөзү 18.07.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1856033
Түрк басма сөзү 18.07.2022

«Йени Шафак» гезити «Грециянын жасагандары ачыкка чыкты» аттуу кабарында Грециянын Жээк коопсуздук кызматы Эгей деңизинде мигранттарды ташыган резина кайыкты артка сүрүп жатканда кармалганын жазган. Түркиянын аймактык сууларын бузуп, мигранттарды өлүмгө түрткөн грек катери учкучсуз учуучу аппарат менен тартылып алынды. Улуттук Коргоо министрлиги Грециянын жээк коопсуздук катеринин Эгей деңизиндеги мыйзамсыз мигранттарды Түркиянын аймактык сууларына түрткөн учурдун видеолорун бөлүштү. Мыйзамсыз мигранттарды Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы куткарды.

«Стар» гезити «Түркиянын учкучсуз учуучу аппарат аңчысы инвентаризацияга кирди» аттуу маалыматында Аскердик электрондук өнөр жайы (ASELSAN) тарабынан иштелип чыккан учкучсуз учуучу аппараттардын аңчысы «Шахин» биринчи жолу инвентаризацияга киргенин жазган. Мини же микро учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылуу үчүн иштелип чыккан «Шахин» маанилүү объектилерди коргоо, чек ара коопсуздугу жана абадан коргонуу сыяктуу тармактарда колдонулат.

«Сабах» гезити «Түрк подрядчылары чет өлкөдө 132 жаңы долбоорду ишке ашырды» аттуу кабарында түркиялык курулуш подрядчылары жылдын 6 айында чет өлкөдө 132 жаңы долбоорду ишке ашырышканын билдирген. Январь-июнь мезгилинде түрк подрядчыларынын чет өлкөдө ишке ашырган жаңы долбоорлорунун жалпы наркы 4,6 миллиард долларды түздү. Жаңы долбоорлордо Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жана Сауд Арабия рыноктору алдыңкы планга чыкты.

«Хүррийет» гезити «Украинага помидор Невшехирден барат» аттуу маалыматында Украина Орусия менен согуштан улам жашылчага болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн Түркиядан жашылча сатып ала баштаганын жазган. Невшехирдин Козаклы районундагы геотермалдык күнөсканаларда өндүрүлгөн помидорду талап кылган Украина биринчи жолу бул шаардан помидор импорттойт. Украинадан тышкары аймактан Молдова, Сербия, Болгария жана Нидерландияга помидор жөнөтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Түрк доктуру медицинада жаңылык жаратты» аттуу кабарында интервенциялык радиолог профессор доктор Рахми Өклү тарабынан иштелип чыккан, ракты дарылоодо венага киргизилген жана шишиктин өсүшүн токтоткон гидрогель ыкмасынын Американын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) уруксат алганын билдирген. Бул ыкманын медицинада биринчи болушу жана биринчи жолу FDAнын уруксатын алуусу медицина дүйнөсүндө "Алтын стандарт" катары көрсөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар