Түрк басма сөзү 08.07. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1853622
Түрк басма сөзү 08.07. 2022

«Ватан» гезити «Түркия менен Малайзиядан биргелешкен чечим» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Малайзиянын  премьер  - министри Исмаил Сабри Якуб менен өткөргөн пресс  - жыйында  : «Азык  - түлүк коопсуздугу, энергетика, экология жана климаттык алмашуу сыяктуу азыркы күндөгү карама  - каршылыктардын алдында тилектештигибизди  арттыруу жагдайында макулдаштык. Жергиликтүү вакцинабыз TURKOVACтын  Малайзияда  колдонулушу, вакцина сыноолоруна карата бирдикте иштөөнү пландап жатабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «АКШ Байрактар ТБ 2лердин көчүрмөсүн жасады» деп жазып, борбору Калифорниянын Сан Луис -  Обиспо шаары болгон Edge Autonomy АКШ армиясы үчүн Байрактар ТБ 2нин кичинекей көчүрмөсү болгон Penguin (PENGUIN) аттуу бир дрон чыгарганын белгилеген. Компания АКШ армиясы менен белгисиз санда Penguin үчүн келишимге кол койгондугун жарыялап, бул дрон Байрактар ТБ2ге окшоштугу менен көңүлдөрдү бурду.

«Хүррийет» гезити «Министр Дөнмез: 358 метрде мунай таптык, бул рекорд» деген макаласында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Адана облусунун Жейхун аймагында мунай табылган аянтты изилдегендигин кабарлаган. Министр Дөнмез : «Аймактагы нефть запасы 7 жарым 8 миллион бочка. Чукурова 2ден 358 метрде мунай таптык жана бул рекорд»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Израилден тарыхый келишим» деп билдирип, Түркия менен Израилдин ортосунда 1951 -  жылдан бери биринчи жолу авиация боюнча келишимге кол коюлду. Түзүлгөн келишим менен Израилдик авиация компаниялары Түркиядагы  айрым жерлерге каттамдарын аткарат.

«Сабах» гезити «Түрк фундугу жылдын биринчи жарымында 124 өлкөгө сатылды» деген маалыматында Түркиянын январь  -  июнь айларында 149 миң 701 тонна фундук экспортунан 835 миллион 97 миң 371 доллар киреше алганын жарыялаган. Германия 212 миллион 641 миң 734 доллар менен эң көп фундук сатып алган өлкө болду.



Тектеш кабарлар