Түрк басма сөзү 20.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1845558
Түрк басма сөзү 20.06.2022

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу: Түркия катары Балкандардын 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтуусуна жол бербей турганыбызды көп жолу айттык» аттуу кабарында Косоводо жолугушууларды өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Балкан өлкөлөрүндө чыңалуунун күчөгөнүн байкагандарын белгилеп: «Түркия катары бул аймактын 90-жылдардын караңгы күндөрүнө кайтып келишине уруксат бербей турганыбызды көп жолу айттык»,- дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Жеймс Жеффри: Түркия Эгей маселесинде туура айтат» атуу маалыматында АКШнын Сирия боюнча мурдагы атайын өкүлү жана Анкарадагы элчиси Жеймс Жеффри Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу: «40 жылга жакын убакыттан бери Эгейдеги окуяларды байкап келем, Түркия туура позицияда»,- дегенин жазган.

«Газетеватан» гезити «Сүлейманиеде операция» аттуу кабарында Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын Сүлеймание шаарында террордук уюм ПККнын Сирия автономиялуу башкаруусу деп аталган борбордук аткаруу кеңешинин тең төрагасы сириялык террорист Хусейн Шиблини таасирсиз кылганын билдирген.

«Сабах» гезити «Асманда İHA деңизде İDA» аттуу маалыматында дүйнө жүзүндө түрк учкучсуз учуучу учак İHA -куралдуу учкучсуз учуучу учак SİHAлар жөнүндө сөз болуп жатканда Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир, Үйүрлүү капитансыз кемелер (İDA) долбоорун тездик менен улантып жатышкандарын белгилеп: «Эки түрдүү өлчөмдөгү жана мүмкүнчүлүктөгү İDA менен талаада ийгиликтүү сыноо көрдүк» дегенин жазган.

«Стар» гезити «Леклерк: Түркия көптөгөн өлкөлөргө жол көрсөтүп келүүдө» аттуу кабарында Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Түркия өкүлү Филипп Леклерк Түркиянын дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөргө жоопкерчилик жана тилектештик менен жол көрсөтүп жатканын айтып: «Жол көрсөткөн өлкөлөрдү куттуктоо абдан маанилүү. Түркия көптөн бери жол көрсөтүп келе жатат»,- дегенин билдирген.



Тектеш кабарлар