Түрк басма сөзү 8.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1839332
Түрк басма сөзү 8.06.2022

«Хүррийет» гезити «Министр Акардан Сирияга операция билдирүүсү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын түндүгүнө карай ыктымалдуу операцияга байланыштуу керектүү нерселерди жасоого даяр экендиктерин белгилеп: «Убагы келгенде эмне керек болсо  аткарылат» деп билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити «Чавушоглу Грецияны акыркы жолу эскертти» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Эгей деңизиндеги куралсыз статусундагы аралдарга аскерлердин жайгаштырылышы жана курал-жарак ташылышына токтолуп: «Греция дооматтарынан баш тартпаса аралдардын коопсуздугу талкууланат»,-дегенин билдирген. Чавушоглу суверендүүлүк сүйлөшүүлөрүнүн башталганын да баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Катчы Калын Йенссен менен жолугушту» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал кечээ борбор шаар Анкарада НАТОнун башкы катчысынын кабинет директору Стиан Йенсен менен жолугушкандарын маалымдаган. Жолугушууда Түркиянын НАТОго кошкон салымдары, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыз процесстери жана Орусия-Украина согушундагы акыркы абалдар каралды.

«Йени шафак» гезити: «Түрк чайынын экспортунан 9,8 миллион долларлык киреше» аттуу маалыматында Түркиядан чай экспорту жылдын январь-май мезгилинде 15 пайызга өсүп 9 миллион 801 миң 535 долларга жеткенин жазган.

«Стар» гезити «13- Эл аралык ТРТ даректүү тасма сыйлыктары сыйлык тапшыруу аземи менен аяктады» аттуу кабарында ТРТ тарабынан быйыл 13-ирет уюштурулган «Эл аралык ТРТ даректүү тасма сыйлыктары» сыйлык тапшыруу аземи менен аяктаганын жазган. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан абдан баалуу даректүү тасмаларды тартуулагандарын белгилеген ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы: «Өлкөбүз глобалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жатканда, биз дагы даректүү тасмаларыбыз менен дүйнөнүн кечээги жана бүгүн кабылган адилетсиздиктерин ачыкка чыгарып, гуманитардык мамилени биринчи орунга коюп жатабыз»,-дегенин билдирген.



Тектеш кабарлар