Түрк басма сөзү  13.05.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1826333
Түрк басма сөзү  13.05.2022

«Ватан» гезити «Түркиянын Париж башкы консулдугуна бомбалуу кол салуу болду» деген кабарында Франциянын борбор шаары Париждеги Түркия башкы консулдугуна ким экени белгисиз киши же кишилер тарабынан кол слуу жасалгандыгын кабарлаган. Кол салууда башкы консулдук имараты зыян тартты. Маалымат булактары кол салууну ПКК жикчил террордук уюмдун моюнга алгандыгы тууралуу маалымат келгендигин билдиришти.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Токиодо сыймыктандык кезек Парижде» деп жазган маалыматында президент Эрдогандын Түркиянын Токио 2020га 87 спортчу жиберип, Паралимпиадалык оюндардын тарыхында эң көп спортчу катышкан олимпиада болгонун айтканын жазган. Түрк спортчулардын эл аралык чемпиондуктарда бир нече медаль багындыргандыгын баса белгилеген Эрдоган : «2024 Париж олимпиадаларында  спортчу саны жана багындырылган медаль саны менен жаңы бир рекордго жетишерибизге ишенем»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк жарандыгын алуунун чеги кеңейтилди» деген маалыматында кыймылсыз мүлк сатып алуу менен  түрк жарандыгын алуунун чеги 250 миң доллардан 400 миң долларга чыгарган президентткитин чечими Расмий гезитте жарыялангандыгын белгилеген. Чечим бир айдан кийин күчүнө кирет.

«Стар» гезити «Түркия менен Азербайжандын арасында кылымдын долбоору» деп билдирип, транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Түркия  - Азербайжан ортосунда Зенгезур темир жолу жана авто жол линиясынын ишке кириши менен Стамбулдан Кытайга алып бара турган коридордун ишке аша тургандыгын айтканын жазган.  Коридор Азия өлкөлөрүнүн Европага арзан баада товар экспорттоосуна жол ачып, түрк дүйнөсүн жакындатат.

«Сабах» гезити «Чет элдик студенттер Стамбул аэропортуна кызыгышты» деген макаласында Британиянын Бирмингам шаарындагы 'University College Birminghamда' авиация жана туризм боюнча билим алган студенттердин саякат үчүн Стамбулду тандашкандарын жазган. Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген 60 студент Стамбул аэропортуна суктанышты. Латвиялык студент Айя Буса  : «Мынчалык идеалдуу аэропорт көргөн эмесмин»,- деди.



Тектеш кабарлар