Түрк басма сөзү 05.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1822240
Түрк басма сөзү 05.05.2022

«Сабах» гезити «Анкара менен Еревандын орчундуу жолугушуусу» аттуу кабарында Түркия менен Армениянын нормалдаштыруу процесси боюнча атайын өкүлдөрү, элчи Сердар Кылыч менен Армения парламентинин төрага орун басары Рубен Рубиняндын ортосундагы үчүнчү жолугушуу Венада өткөнүн маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркиядан жардам сурашты: Мариуполду сактап калгыла» деген кабарында Германияда жашаган украиндер Түркиядан жардам сураганын жазган. Берлиндеги Түркия элчилигинин алдына чогулган жүздөн ашуун украиналык түрк тилинде «Түркия Мариуполду сакта» деген ураан чакырганын жазган.

«Хабертүрк» гезити «Өткөн жылы 2 миллиард долларлык кеме экспорту жасалды» аттуу кабарында Ялованын Алтынова районундагы верфтер аймагындагы SANMAR верфине барган өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк буксирлерди сынаганын жазган. Түрк деңиз өнөр жайы акыркы жылдарда чоң ылдамдыкка ээ болгонун белгилеген Варанк : «Түркия өткөн жылы эле 2 миллиард долларлык кеме экспорттоду»,-деди.

«Йенишафак» гезити «Тарыхындагы эң чоң круиздик кеме Бодрумга келди» аттуу кабарында тарыхындагы эң чоң круиздик кеме Мугланын Бодрум районуна келгенин белгилеген. Узундугу 323 метр жана салмагы 135 миң тонна болгон италиялык желеги бар «Коста Венеция» кемесинин 2116 кабинасы, 1254 жүргүнчүсү жана 1078 кызматкери бар. Көбүнчө немис, италиялык жана орус улутундагы туристтер Бодрумду кыдырып, уникалдуу булуңдарды көрүштү.

«Хүррийет» гезити «Түрк терминатору Бельгиянын токойлорун коргойт» аттуу маалыматында Бельгиянын Антверпен жана Лимбург провинциялары өлкөнүн токойлуу аймактарынын эң чоң душмандарынын бири болгон карагайдын кортеж курту менен күрөшүү үчүн Түркияга жардам сурап кайрылышканын маалымдаган. Бул үчүн Түркиядан «терминатор курт-кумурскалар» деп аталган Calosoma Sycophanta тукумундагы 100 курт-кумурска алынып келинген.



Тектеш кабарлар