Түрк басма сөзү 07.04.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1808611
Түрк басма сөзү 07.04.2022

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын билдирүүлөрү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө террорду өлкөнүн чек араларында толугу менен жок кыла турган абалга жеткиргендерин айтканын баяндаган. Эрдоган Türkiye учурда тик учактарды экспорттогондугун жана бул алкакта АТАК тик учактарынын Филиппинге жеткирилгенин эске салды.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: Украина менен Орусиянын ортосунда жаңы сүйлөшүүлөрдү күтүп жатабыз» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун: «Орусия менен Украинанын ортосундагы мындан аркы сүйлөшүүлөрдү, андан кийин мүмкүн болгон келишимдин башталышы үчүн тышкы иштер министрлеринин жолугушууларын күтөбүз»,-дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «Италиянын ички иштер министри: Türkiye биз үчүн дос өлкө» деген кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээ Италиянын ички иштер министри Лусиана Ламоргезе жана аны коштогон делегация менен жолугушканын маалымдаган. Министр Ламоргезе: «Биз көп жагынан кызматташканбыз, кесиптик жактан гана эмес, бардык гуманитардык темаларда да көптөн бери иштешип келе жатабыз. Türkiye биз үчүн дос өлкө»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «TOGGдун 1,6 чакырымдык сыноо жолу аяктады» деген макаласында Türkiye Автоунаа Демилге тобунун (TOGG) кечээ социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Гемлик объектисинде 1,6 чакырымдык сыноо жолу бүттү. Трасса жогорку ылдамдыкта, катаал жолдор, атайын маневрлер сыяктуу ар кандай муктаждыктар үчүн даярдалган жол тилкеси, өнүмдү иштеп чыгуу жана сапат процесстеринде колдонулат»делгенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Тоо-кен өнөр жайынын экспорту биринчи чейректе 1,5 миллиард доллардан ашты» аттуу кабарында Türkiyeнин тоо-кен өндүрүшү экспорту быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,9 пайызга өсүп 1 миллиард 527 миллион 312 миң долларга жеткенин белгилеген.



Тектеш кабарлар