Түрк басма сөзү 25.03.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыска маалыматтар.

1801624
Түрк басма сөзү 25.03.2022

«Хебер түрк» гезити «Эрдоган : НАТО реалдуу жана стратегиялык болушу керек» деген кабарында президенти Режеп Таййип Эрдогандын  НАТОнун лидерлер саамитинен кийин берген билдирүүсүндө : Союздаштарыбыздан бизге жасалган эмбарго күн тартибине да келбеши керек»,- дегенин билдирген. Эрдоган : «Түрк коргонуу өнөр жайынын продукцияларынын ийгиликтери ортодо. Беттешкен тоскоолдуктардын бир себеби жок. Коргоо өнөр жайыбыздын алдына айрым союздаштарыбыз тарабынан коюлган чектөөлөрдүн жоюлушу орток кызыкчылыгыбыз үчүн»,- деди.

«Хүррийет» гезити : «Түркия ортомчулук кылууга даяр» деп жазып, президент Эрдогандын  Түркиянын Россия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу үчүн арачылык кылууга даяр экенин айтканына токтолгон. Эрдоган : «Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский  менен сүйлөшүүлөрбүздү мындан кийин да улантабыз. Бардык аракеттерибиз бул эки лидерди жолугуштуруу жана тынчтык атмосферасын түзүү»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркиянын НАТОдогу мааниси дагы бир жолу белгилүү болду» деген макаласында НАТОнун саммитинен мурда   Түркияга НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин келгенин жазган. НАТО саммитинде президент Эрдоган көп сандаган эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Түркиянын союздаштыктагы мааниси дагы бир жолу белгилүү болду. Мында Россиянын Украинаны басып алышынан кийин Түркиянын эки өлкө менен да сүйлөшө алышы, коргонуу өнөр жайынын аракети, энергетика жана соода багыты үчүн да сөзсүз түрдө болушу чоң роль ойноду.

«Стар» гезити «Италиян элчи : Түркия Европа үчүн маанилүү» деп билдирип, Италиянын Анкара элчиси Джорджио Марраподи Италия менен Түркиянын ортосундагы күчтүү карым - катнаштардын Осмон империясына чейин баргандыгын жана бул карым - катнаштардын өткөн кылымдарда акырындык менен өскөнүн белгиленин жазган.  Марраподи: «Түркиянын стратегиялык күчүнө, потенциалына, Европа үчүн маанисине жана Италия менен болгон жакын карым - катнаштарынын келечегине ишенем. Түркиянын абалы жана мааниси дүйнө менен ар дайым күчтүү экономикалык жана саясий карым - катнаштардын болушунун көрсөткүчү»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Чийки зат кризисине Түркиянын чечими» деген макаласында Түркияда жана Европа Биримдигине мүчө 6 өлкөдө электрдик унааларда колдонулган эскирген литий - иондук батарейкалардан алынуучу чийки заттар Сакаря университетинде  эң мыкты батарейкага айландырылып, кайрадан базарга сунушталары кабарланган. Сакаря университети жана окумуштуулары тарабынан негизделген Сакария Технополисинде иштеген фирма тарабынан сунушталган долбоор Европа Биримдиги тарабынан колдоого татыктуу деп табылды.



Тектеш кабарлар