Түрк басма сөзү 07.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1790821
Түрк басма сөзү 07.03.2022

«Хабер түрк» гезити: «Эрдогандан чукул ок атышпоо чакырыгы» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Украина менен Орусиянын ортосунда ок атышпоонун камсыздалышы, Украинада гуманитардык коридорлордун ачылуусу жана тынчтык келишимине кол коюлушу үчүн чукул кадамдардын ташталышынын маанисине басым жасады.

«Ватан» гезити: «Түркия жабырлануучуларды кабыл алууда» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээтен тартып согуштан качып Түркияга келген украиналыктардын саны 20 миңден ашканын айтканын жазган. Түркиянын меймандостугун эң жогорку деңгээлде көрсөтүп жатканын баса белгилеген Сойлу: «Биз сары чачтуу, көк же жашыл көздүү расаларды бөлбөйбүз. Дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун жабырлануучуларды кабыл алабыз»,-деди.

«Йени Шафак» гезити: «Түркия транспорттук база болот» аттуу кабарында Түркиядагы эл аралык түз инвестициянын өткөн жылы 81 пайыздык өсүү менен 14,2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Президенттиктин инвестиция кеңсесинин башчысы Бурак Даглыоглу: «Дүйнөлүк фирмалар Түркияны аймактагы өндүрүш, экспорт, изилдөө жана өнүктүрүү, логистика жана башкаруу борбору катары эсептеп, иш-аракеттерин улантышууда жана инвестицияларын көбөйтүшүүдө»,-деди. Даглыоглу 10 болгон логистикалык борборлордун санынын 25ке жете турганын, Түркиянын өндүрүштүк жана транспорттук база катары ролунун күчтөнөрүн белгиледи.

«Стар» гезити: «Түркия инфраструктурада үлгү» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Түркияны инфраструктура жагынан үлгү катары эсептегендерин билдирип: «Мынча кыска убакытта инфраструктуралык боштукту кантип жаптыңар» деп алар бизден маалымат алып тажрыйбабыздан пайдаланууну каалап жатышат»,- дегенин жазган. Украина-Орусия кризисинен улам Орто коридордун маанисинин пайда болгонун баса белгилеген Караисмаиоглу: «Кытай-Европа соодасындагы үлүшүбүздү арттырууга аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

«Сабах» гезити: «Компаниялар киреше рекордун жаңыртты» аттуу кабарында Түркиянын экономикасы экспорттун локомотивинде 11 пайызга өскөн 2021-жылы, фирмалар да кирешелүүлүк рекордун жаңыртканын билдирген. Биржа Стамбулда соода жүргүзгөн 311 компаниянын 24ү гана зыян тартты. 224 ишкана кирешесин көбөйтсө, 32 ишкана зыяндан кирешеге өттү. 24 компания кирешесин 1000 пайыздан ашык көбөйтсө, 130 ишканада кирешенин өсүшү 100 пайыздан ашты.



Тектеш кабарлар