Түрк басма сөзү 09.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалысаттар.

1745026
Түрк басма сөзү 09.12.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Жүздөгөн ири инвестицияны жакындан байкоодобуз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы менен реструктуризацияланган глобалдык экономикалык системада алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин айтканын баяндаган. Эрдоган: «Биз кээ бирлери өз жарандарыбыз, кээ бирлери эл аралык инвесторлор тарабынан ишке ашырылган жүздөгөн ири инвестицияны өлкөбүздүн бардык жеринде кылдаттык менен байкап жатабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Орусия-Украина кризисинде Түркиянын колдоосуна жашыл жарык» деген маалыматында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоровдун Орусия менен Донбасс кризиси учурунда Түркиянын сүйлөшүүлөргө катышуусуна оң көз карашта экенин айтканын маалымдаган. Президент Эрдоган: «(Орусия-Украина чыңалуусу) Эки тараптын макулдугу менен жеңилдетүү, ортомчулук же каалаган форматта колдоо көрсөтө алабыз»,-деп айткан болчу.

«Хүррийет» гезити «Түркия улуттук космос программасы менен космос жарышына даярданууда» аттуу маалыматында Түркияны «Улуттук космос программасы» менен космос жарышына даярдашкандарын белгилеген өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын: «Түрк инженерлери жана техниктери тарабынан долбоорлонгон унаа менен Айга катуу конуу максатына карай ишибизди ылдамдаттык. Биз космосто учура турган гибриддик ракета кыймылдаткычынын сыноолорун улантып жатабыз»,-деп айтканын баяндаган. Түркия 2023-жылдын аягында өзүнүн улуттук жана оригиналдуу гибрид ракетасы менен Айга жетип, катуу конууну максат кылууда.

«Йени шафак» гезити «Бажы дарбазаларында жүк ташуучу унаалар акыркы 4 айда 17 пайызга өстү» деген кабарында Түркиянын экспорт рекордун бажы дарбазаларында көрүүгө болоорун маалымдаган. Күнүнө орто эсеп менен 5380 фура чыккан 6 бажы дарбазасында тыгыздык байкалып жатат. Акыркы 4 айда жүк ташуучу унаалардын кыймылы 17 пайызга өстү. Түркияны өндүрүш базасы катары көргөн Европадан келген буйрутмалардын көбөйүшү жүк ташуучу унаалардын кыймылдуулугун да арттырууда.

«Ватан» гезити «Дүйнөдөгү эң кымбат таш Түркияда гана казылат» деген кабарында дүйнөдөгү эң баалуу таштардын бири Түркиядан гана табылаарын маалымдаган. Мугланын Милас районунда табылган таштын алмаздан 10 миң эсе сейрек кездешкени айтылды. Өлкөдө жана чет өлкөлөрдө чоң суроо-талапка ээ болгон таштын эң популярдуу жолоочулары Голливуд жылдыздары. Зергерчилик сапаттагы «диаспора» ташынын эң таң калыштуу жагы – түс өзгөртүү өзгөчөлүгү. «Диаспора» ташы күндүз жашыл түскө айланат, ал эми шамдын жарыгында кызгылт түскө айланат.



Тектеш кабарлар