Түрк басма сөзү 25.08.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1696866
Түрк басма сөзү 25.08.2021

«Хүрриет» гезити «Эрдогандан: «Биз кайда элек, кайда келдик?» деген бөлүшүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын башкаруусу учурунда Түркиянын экономика, экология жана урбанизм, энергетика, айыл чарба, маданият жана туризм, тышкы иштер, коргонуу өнөр жайы, өнөр жай жана технология тармактарында жетишкендиктерин Твиттер бараксынан графиктер менен бөлүшкөнүн маалымдаган. Эрдоган: «Канчалык жалпылоого аракет кылбайлы, айтуу менен бүтпөгөн, түгөнбөгөн, сааттарга, атүгүл күндөргө сыйбай турган иштерди жасадык»,деген пикирин айтты.

«Ватан» гезити «Эвакуацияланган түрктөрдүн саны аныкталды» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ооганстандагы түрктөрдүн эвакуациясына байланыштуу: «Ушул убакка чейин Ооганстандан 1404 кишини чыгардык. Алардын 1061и биздин жарандар, калгандары ар кайсы өлкөлөрдүн жарандары. Кайтып келүүнү каалаган 200гө жакын жараныбыз бар»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Украинада көз карандысыздыкты майрамдоолордо  «Bayraktar TB2» көрсөтүлдү» аттуу кабарында Украинанын борбору Киевде өткөн өлкөнүн 30 жылдык эгемендүүлүк аземине Украинанын армиясына таандык «Bayraktar TB2» учкучсуз учуучу учактары (Түркияда жасалган) да коюлганын маалымдаган. Бир учкучсуз учуучу аппарат Киевдин үстүнөн учуп баратканда, экинчиси параддын аянтынан өттү.

«Хабер түрк» гезити «Түркия эл аралык курулуш контракты боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээледи» деген макаласында Эл аралык курулуш индустриясы журналы Engineering News Record (ENR) тарабынан өткөн жылы подрядчылардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерине негизделип жарыяланган тизмеде Түркия 40 компания менен Кытайдан (78 компания) жана АКШдан (41) кийин үчүнчү орунду ээлегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Тордун Султандары беттешкен 5 оюнду тең жеңип алды» деген кабарында Волейбол боюнча 2021-жылкы Европа чемпиондугунда таймашып жаткан тордун султандары Нидерландияны 3-0 эсебинде жеңип, беттешкен 5 оюнду тең жеңип алганын белгилеген. Улуттук курама команда «D» тайпасын лидер катары аяктап, 8дик финалга чыкты.



Тектеш кабарлар