Түрк басма сөзү 30.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1667310
Түрк басма сөзү 30.06.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы быйыл Түркиянын экономикасында 5,5 пайыздык өсүштү болжолдоп жатат» деген кабарында Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) болжолдоосуна ылайык, быйыл түрк экономикасы 5,5 пайызга өсөөрүн айтканын баяндаган. Бул чен 2020-жылдын октябрь айындагы божомолго салыштырмалуу 0,5 пайызга жогорулады. Отчетто экспорттун өсүшү, Түркиянын экономикасында ушул жылга болжолдонгон өсүштө натыйжалуу болот.

«Ватан» гезити «Дүйнө түрк КУУAларына кызыгууда» аттуу маалыматында Түркияда жасалган куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын (КУУA / SİHA) эл аралык аброю кеңейүүдө экендигин маалымдаган. Польшадан кийин инвентаризациясына түрк КУУAларын кошууга даярданып жаткан өлкөлөргө жаңы өлкө кошулду. Албания парламенти түрк КУУAлары үчүн 8 миллион евродон ашыкча кошумча бюджет бөлдү.

«Йени шафак» гезити «Европа ЖМКларынан Түрк аба жолдоруна мактоо» деген кабарында коронавирус эпидемиясы менен үзгүлтүккө учураган авиация тармагында жакшы график түзгөн Түрк аба жолдору (THY) бул ийгилиги менен атын чыгарууну улантканын маалымдаган. Германия жана Францияда эфирге чыккан медиа каражаттары эпидемияга карабастан жакшы финансылык жылы аяктаган THY үчүн «эпидемиянын учурунда эпидемиялык чаралардын натыйжасында жакшы иштешти» деп баса белгилешти.

«Стар» гезити «Түркия менен Судандын ортосундагы маанилүү кызматташтык» аттуу кабарында Түркия менен Судандын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтык түзүлгөнүн белгилеген. Келишимде пилоттук чарба, үрөн өстүрүү, дыйканчылыкты изилдөө, айыл чарба оорулары, өндүрүштү көбөйтүү жана билим берүү боюнча беренелер камтылган. Судандагы түрк ишкер адамдарынын дыйканчылык иш-аракеттеринен тышкары, эки өлкө айыл чарба жаатындагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшөт.

«Сабах» гезити «Улуттук баскетбол командасы биринчи беттешинде Уругвайды 95-86 эсебинде утуп алды» аттуу маалыматында Улуттук эркектер курама баскетбол командасы Канадада өткөн ФИБА Олимпиада квалификациясындагы биринчи беттешинде Уругвайды 95-86 эсебинде утуп алганын маалымдаган. Седи Осман оюнду 27 упай, 9 топ кайтаруу жана 4 пас берүү менен жакшы жапты. Улуттук курама баскетбол команда экинчи беттешинде Чехия менен күч сынашат.



Тектеш кабарлар