Түрк басма сөзү 25.06. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1664459
Түрк басма сөзү 25.06. 2021

«Хүррийет» гезити «БУУдан Түркия чакыруусу» деген кабарында БУУнун Эл аралык миграция уюмунун директору Антонио Виторинонун эң көп качкын алган Түркия сыяктуу өлкөлөр үчүн «дагы көп колдоо жана жоопкерчиликти бөлүшүүгө» чакырганын кабарлаган.

«Сабах» гезити «Түркиядан Ливияга иреттүү түрдө Ро – Ро каттамдары башталды» деген макаласында «Karanfil Group» фирмаларынан KRN Lines эки тараптуу соода көлөмүн арттыруу максатында ушул күнгө чейин бир гана сынап көрүү максатындагы Ро  - Ро каттамдарын иреттүү аткара баштагандыгын белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Эки өлкөдөн 8 миллионго жакын турист келет» деген маалыматында Россиядан чектөөлөрдүн жоюлушу менен башталган турист агымы туризм тармагын кубанткандыгын  билдирген. Аба жолунда 45 пайыздык өсүү болуп, мейманкана резервациялардын көп болуп жаткандыгын маалымдаган. Бул жылдын акырында Россиядан келген жалпы турист саны 4 – 4,5 миллион, Германиядан келе турган жалпы турист саны 2, 5  - 3  миллион болору күтүлүүдө.

«Ватан» гезити "SunExpressтин Анталья жана Измирде Женева каттамдары башталат» деп жазып, түрк аба жолдору менен  Lufthansa биргелеше курган  SunExpress 27 -  июнда Анталья жана 2 -  июлда да Измирден Швейцариянын Женева шаарына түздөн түз тарифтүү каттамдарын баштай тургандыгына токтолгон.

«Стар» гезити «Гризу  - 263  космостук командасы АКШда болгон модель  спутник сынагына тамгасын басты» деп билдирген. Зоңгулдак Бүлент Эжевит университетинин  инженерия факультетинин студенттеринен турган «Гризу  - 263» космостук командасы АКШда болгон Cansat Competition  моделдик спутник сынагында  4 - орунду алды.



Тектеш кабарлар