Түрк басма сөзү  1.06. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1649341
Түрк басма сөзү  1.06. 2021

«Йени шафак» гезити «Толук коменданттак саат бир күнгө түшүрүлдү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кабинет жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө июнь айы менен бирге көчөгө чыгуу чектөөлөрүнүн жуманын ичинде жана ишемби күнү саат 22:00дө башталарын, жуманын акырында ишемби күнү саат 22:00дөн дүйшөмбү күнү таңкы саат 05:00гө чейин толук чектөө киргизилерин жарыялаганын жазган. Эрдоган тамак  - аш тармагынын жекшемби күнүнөн башка бардык күндөрү саат  07:00дөн кечки 21:00гө чейин ачык болорун билдирди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунан АКШ билдирүүсү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «АКШнын жаңы башкаруусунда дагы жакшы карым  - катнашта болуу аракети бар. С  - 400дөрдү «колдонбогула» деген сунушу кабыл алынгыс. С  - 400 тууралуу АКШ тарабынан бир жумшоо жок»,- деп билдиргенин маалымдаган. Чавушоглу : «Байден президентибизге телефон чалып эгерде сиз да кааласаңыз биз да жакындан  иштегибиз келет. Бирок  бар болгон маселелерибизди чечишибиз керек деди»,-деп билдирди.

«Хабер түрк» гезити «НАТО түрк аскерлерине суктанды» деп жазып, Румынияда аткарылган жана 26 өлкөдөн 30 000ден ашуун аскер катышкан НАТО Steadfast Defender Europe 2021 машыгуусуна катышкан түрк аскерлерине НАТОнун суктангандыгын белгилеген. НАТО түрк аскерлери тарабынан курулган көчүп жүрүүчү ашкана, мончо сыяктуу жерлердин тазалагынан мактоо менен сөз кылган.

«Сабах» гезити «Дүйнө Каргу  - 2  учкучсуз аба аппараттарынан сөз кылып жатат» деген маалыматында БУУ тарабынан жарыяланган бир отчетто Түркияда жасалган «Каргу  - 2»  учкучсуз аба аппараттарынын дүйнө тарыхында бир алгачкыга кол койгонун билдирилгенин жазган. Жасалма  интеллект тутумуна ээ «Каргу  - 2лердин» Ливияда козголоңчу Хафтер күчтөрүнө каршы жеңиште алдыга чыккан деталдар дүйнөлүк басма сөздүн күн тартибинде орун алды.

«Стар» гезити «Түркия биринчи чейрекитеги өсүшү менен ОЕСД өлкөлөрүнүн арасында алдыга чыкты» деген кабарында Түркия жылдын биринчи чейрегинде жылдык базада жетишкен  7 пайыздык көрсөткүчү менен Экономикалык Кызматташуу жана Өнүгүү Уюму ОЕСД  өлкөлөрүнүн арасында эң көп өскөн өлкө болгонун белгилеген.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар