Түрк басма сөзү 18.03.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1603522
Түрк басма сөзү 18.03.2021

 

«Йени шафак» гезити «Германиянын Die Welt гезити: Түркия эмдөө жаатында бизден тезирээк» аттуу маалыматында Германияда чыккан Die Welt гезити, жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына каршы эмдөөнүн Түркияда Германияга караганда тезирээк экендигин жарыялаганын жазган. Кабарда, «Түркия тез жеткирүү жана мыкты саламаттык сактоо системасы аркылуу вакцинация жаатында Германияны артта калтырды» деп белгиленди.

«Сабах гезити» гезити «Италиядан Түрк экономикасына мактоо» деген маалыматында Италиянын алдыңкы иш дүйнөсүнүн гезити «Il Sole 24 Ore», Түркиянын Ковид-19 эпидемиясы учурунда байкалган өсүшүнө кеңири талдоо жүргүзгөнүн жарыялаганын баяндаган. Кабарда Түркиянын дүйнөлүк эпидемия кыйроого учураткан 2020-жылдын акыркы чейрегинде 5,9 пайызга өсүшүн көрсөтүп дүйнөлүк базарларды таңкалтырганына орун берилди.

«Ватан» гезити «Түркия март айындагы экспорттун көрсөткүчтөрү менен кубандырат» аттуу маалыматында Түркия Экспортчулар ассамблеясынын (TIM) төрагасы Исмаил Гүлленин түрк экспортчуларынын жылды абдан жакшы баштагандыктарын айтып, март айында жакшы көрсөткүчкө жетише тургандарын белгилегенин маалымдаган. «Март айында ушунчалык сонун, укмуштуудай көрсөткүч болот»,-деп айткан Гүлле, жылдык экспорттун максаты да 200 миллиард доллар экенин белгиледи.

«Стар» гезити «Дүйнөлүк дөө-шаанын Түркиядагы ири инвестициясы» аттуу маалыматында кытайлык технологиялык гигант Xiaomi Түркиядагы ишканасынын ачылыш күнүн белгилегенин баяндаган. Ишкана 29-мартта ачылат. Стамбулда ачыла турган заводдо жылына 5 миллион смартфон чыгарылат.

«Хабер Түрк» гезити «2021-жылы британиялык туристтердин  тандоосу Түркия болот» аттуу кабарында Британиянын Daily Telegraph гезити англистердин 2021-жылы туризмдеги тандоосунун башында Түркиянын  турарын жазган. Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун Түркияда 60 жаштан жогорку курактагы адамдарга эмдөө жүргүзүү аяктап баратканына басым жасап, Англиядан келген эс алуучулардан вакциналардын паспортторунун суралбай турганын айтканы жана 15-апрелден баштап ПЦР тесттери да талап кылынбашы мүмкүн экенин айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар