Түрк басма сөзү 15.12.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1545707
Түрк басма сөзү 15.12.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Аймагыбыздын жана дүйнөнүн тынчтыгы, бейпилдиги үчүн күрөшүп жатабыз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын эч кимдин акысын жебегендей эле эч кимге да акысын жедирбеген өлкө экендигин айтканын жазган. Ливиядан Чыгыш Жер Ортолук деңизине, Сириядан Кавказияга чейин созулган аймакта көп тараптуу иштердин ичинде экендерин айткан Эрдоган : «Кайда адилетсиздик болсо адилеттиктин орношу үчүн аракет кылабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Эрдоган Түркиянын улуттук космостук программасын билдирет» деген макаласында президент Эрдогандын Түркиянын бардык саясаттарын эпидемиядан кийинки мезгилде ийгиликке жетишүү максатына карата ылайыкташтырууну улантышкандарын белгилегенин айтканын жазган. «Өлкөбүздү эпидемиядан кийинки мезгилге даярдап жатабыз»,- деген Эрдоган «Ар тармакта Түркияны өнүккөн цивилизация деңгээлинен жогорулата турган кадамдарды таштап жатабыз. Кабинет жыйынында  улуттук космостук программабыздын докладын уктук. Буйруса өлкөбүздүн желегин космосто желбирете турган күндөр жакын. Муну алдыбыздагы күндөрдө коомчулук менен бөлүшөбүз»,- деди.

«Стар» гезити «Хулуси Акар : Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыбызды жедирбейбиз» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги изилдөө иштери тууралуу Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн акысын жедиришпей тургандарын, ал жерде эч кандай болду бүттүгө уруксат беришпей тургандарын белгилегенин жазган. Акар Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесин чечүү тууралуу Түркия менен сүйлөшүүнүн ордуна Европа Биримдигинен, башка каалгалардан үмүт кылгандыгын, булардын чыкпас жол экендигин көрүүлөрү керектигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Өнөр жай өндүрүш индексинде эң күчтүү көрүнүш Түркияга таандык» деген  кабарында өнөр жай өндүрүш индекси октябрь айында айлык базада 1, 1 пайызга, жылдык базада 10, 2 пайызга жогорулаганын маалымдаган. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк бул тууралуу берген маалыматында : «Октябрь айындагы маалыматтар аты аталган өлкөлөрдүн арасында эң күчтүү көрүнүш өлкөбүзгө таандык. Максатыбыз так,  өнөр жайда технологиялык жана санариптик  алмашууну ылдамдатуу менен кошумча нарк өндүрүшүн жайылтуу»,- деди.

«Стар» гезити «Түрк дүйнөсүнүн автомобили Гүнсел» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жергиликтүү автомобили Гүнселдин Müsiad Expo 2020да глоаблдык автомобиль базарынын витринасына чыгышы дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алгандыгын белгилеген. Араларында Босния Герцеговина, Колумбия, Боливия, Катар, Мексика жана Азербайжан болгон бир топ өлкө медиасында «Гүнсел» «Түрк дүйнөсүнүн автомобили» катары таанытылып мактоого татыктуу болду.



Тектеш кабарлар