Түрк басма сөзү 4.12.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1539380
Түрк басма сөзү 4.12.2020

«Стар» гезити: «Эрдоган Ковид-19га каршы күрөштө глобалдык тилектештикке чакырды» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын Ковид-19га каршы күрөшүү боюнча атайын сессиясында видео кайрылуу менен сөз сүйлөп: «Эл аралык коомчулук 21-кылымдын эң чоң глобалдык сыноосуна (коронавирус пандемиясына) туш болушту. Бул оор мезгилди жеңүүнүн ачкычы- эл аралык кызматташтык жана глобалдык тилектештик» дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити: «Эрдоган Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө басым жасады» аттуу маалыматында президент Эрдоган Ирандын президенти Хасан Рухани менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө Тоолуу Карабах жаңжалында жаңы доор башталганын билдиргенин жазган. Ушул мезгилде Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине көлөкө түшүрө турчу ар кандай аракеттерден алыс турулушунун өтө маанилүү экендигин, туруктуу тынчтык менен бейпилдиктин орношу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарын жана мунун Армения менен бирге аймак өлкөлөрүнө пайда алып келерин билдирди.

«Йени шафак» гезити: «Түркиянын Азербайжанга курал экспорту 600 пайызга өстү» деген кабарында Түркиянын аскердик колдоосу менен Тоолуу Карабахта тарыхый жеңишке жетишкен Азербайжан, январь-ноябрь айларынын аралыгында Түркиядан 256 миллион долларлык курал-жарак импорттогонун жазган. 44 күндүк согуш учурунда Азербайжан Арменияны болжол менен 3,5 миллиард долларлык зыянга учуратты. Армян армиясы ондогон абадан коргонуу тутумун, жүздөгөн танка жана бронетехникасын жоготту.

«Сабах» гезити: «Вакцинаны тапкан түрк илимпоздору иммигранттар түшүнүгүн өзгөртөт» деген маалыматында коронавируска каршы вакцинаны таап дүйнө жүзүнө таанымал болгон түрк дарыгер жубайлар Угур Шахин менен Өзлем Түрежи Американын «Wall Street Journal» жана «Нью-Йорк Таймс» гезитинин баш макалаларында орун алгандарын жазган. Жаңылыктарда түрк дарыгерлеринин бул ийгилиги иммигрант коомчулугуна оң таасирин тийгизип, Батышта күчөгөн антииммиграцияны жок кылары баса белгиленди.

«Хабер түрк» гезити: «Түрк илимпоздору Ковид-19ка каршы мурун спрейин иштеп чыгышты» деген маалыматында Анкарадагы Билкент жана Хажеттепе университеттеринин окумуштууларынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында коронавирустун клеткага киришине жол бербөөчү спрей иштелип чыкканын жазган. Жаныбарлардагы эксперименттер ийгиликтүү аяктаган мурун спрейи эми ыктыярчыларга колдонулат. Доц. др. Урарту Шекер спрейдин падемияны акырындатаарына ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар