Түрк басма сөзү 18.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1529761
Түрк басма сөзү 18.11.2020

 

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган жаңы тип коронавирус чаралары тууралуу билдирди» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын коронавирус менен  күрөшүүнүн негизинде жаңы чараларды билдиргенин жазган. Ушуга караганда өндүрүш чынжыры аксабай тургандай түрдө эрте менен саат 10:00 жана кечки 20 :00 сааттарынын тышында коменданттык саат киргизилет. Билим берүү жылдын акырына чейин онлайн  режимде улантылат. Соода борборлору, маркет, чач тарач,  ресторандар  эрте менен саат 10дон кечки саат 20га чейин иштейт. Кино театрлар жылдын акырына чейин жабык болуп бардык спорттук жарыштар күйөрмансыз өткөрүлөт.

«Стар» гезити «Түрк аскерлери Карабах жолунда» деген маалыматында Азербайжанга аскер жиберүүгө байланыштуу Президенттик уруксаты Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде кабыл алынганын белгилеген. Россия менен курула турган биргелешкен борбордо түрк аскери кызмат кылат.

«Сабах» гезити «Министр Акардан Түндүк Кипр Түрк Республикасы тууралуу билдирүү : Болду бүттү дегендерге уруксат бербейбиз» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, башкы штабдын төрагасы жана Күч командирлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн видеоконференция жыйынында : «Түркия катары ар дайым болгондой Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамына ээ чыгып, тебелетпейбиз»,- деди. Түркиянын кепилдигинен келип чыккан жоопкерчиликтерин орундатууну улантарын белгилеген Акар эч бир болуп бүттүгө уруксат беришпей тургандарын да кайталады.

«Хүррийет» гезити «Элван : реформа мүнөзүндөгү бардык темада керектүү кадамдарды таштайбыз» деген кабарында казына жана финансы министри Лүтфи Элвандын экономикага байланыштуу маалыматында : «Макро экономикалык ырааттуулук, финансылык ырааттуулук жана баа ырааттуулугуна маани беребиз. Жол картабыздын жалпы алкагын булар түзүүдө. Бизге да ылайык болгон кандай тема бар болсо, реформа мүнөзүндөгү бардык темада кадамдарды таштайбыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Аккую атомдук күч станциясы үчүн тарыхый кадам: Түркиянын баарын жарыктандырат» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Аккую атомдук күч станциясынын 3 -  бөлүмү үчүн курулуу лицензиясы берилди. 2023 -  жылы биринчи реактор ишке кирет. Энергия портфелибиз жаңы энергия булагы менен түрдөнтүлөт. Аккуюдан чыккан энергия жогорулап бүт Түркияны жарыктандырат",- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар