Түрк басма сөзү 05.10.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1502907
Түрк басма сөзү 05.10.2020

«Хабер түрк» гезити «ПКК/ЙПГ террористтери Тоолуу Карабахтан чыгып кетиши керек» деген кабарында Түркия армян террористтер менен  кызматташкан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнин террористтерин дароо Тоолуу Карабахтан чыгып кетүүсү боюнча эскерткенин жазган. Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : Күнөөсүз кишилерди бутага алган армян террористтер менен кызматташкан ПКК - ЙПГ террористтери дароо аймактан чыгып кетиши керек»,- деп жазылды.

«Хүррийет» гезити Түркия  - Грециянын ортосундагы жыйын кечеңдетилди» деген макаласында Түркия менен Грециянын ортосунда НАТО штабында бүгүн өткөрүлүшү пландалган техникалык жыйын эки өлкөнүн биргелешкен чечиминин негизинде кийинки күндөргө кечеңдетилгендигин билдирди. Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги элементтердин коопсуздук ичинде милдетин аткаруусуна карата түзүлө  турган координация техникалык жактан сүйлөшүлө турган жыйындын бүгүн НАТОнун штабында өткөрүлүшү пландалган болчу. Жыйындын техникалык себептерден улам эки өлкө тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде кийинки күндөрдө өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

«Ватан» гезити «Түркиядан Францияга катуу каршылык» деген макаласында Түркиянын Франциянын президенти Еммануэль Макрондун 9 -  декабрда Министрлер Кеңешине сунуштай турган жикчилдик менен күрөшүү мыйзам долбооруна каршылык көрсөтткөнүн жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Мааниси тынчтык болгон улуу динибизди агартуу шылтоосу менен жаңылыш жана бурмаланган кыймылдарга тема кылууга эч кимдин  акысы жок»,- деп билдирилди. Маалыматта  : «Ислам динин агартуу шылтоолору менен «Европа исламы», «Франция исламы» сыяктуу түшүнүктөр менен ортого салып имигрант коомдорду дициплина астына алууну ойлоо адамзаттык жана мыйзамдык көз караштар терс багытта кыймыл кылууда деген мааниге келүүдө»,- деп билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Диярбакырдан Италияга чейин барган даам : кургатылган помидор» деген кабарында Диярбакырда эч бир химикат болбогон органикалык помидорлор ондогон гектардык аянтка жайылып кургатылгандан кийин Италияга экспорттолуп жатканын маалымдаган. Диярбакырлык дыйкандар тарабынан өстүрүлгөн помидорлор Италия ашканасынын баш тартылгыс даамдарынын арасында орун алууда. Кургатылган помидорлор Италияда өзгөчө спагетти жана пиццаларда соус катары колдонулуп дүйнөгө жайылууда.

«Стар» гезити «Францияда түрктөр шоу көрсөттү. Лилле лидерликке көтөрүлдү» деген жазуусунда  Франция лига 1дин 6 -  жумадагы беттешинде Лилле атаандаштын талаасында Старсбургду 3 – 0гө жеңгенин белгилеген. Оюнга түрк футболчулар Бурак Йылмаз менен Зеки Челик тамгасын басты. Оюнда эки түрк футболчу бирден голь киргизди. Лигада ойногон 6 -  оюнда 4 -  жеңишине жетишкен Лилле 14 балл менен лидерлигин улантты. Бурак Йылмаз киргизген голдон кийин Лилле твиттер эсебинен түрк тилинде «Крал» деп жазып Түркия байрагынын быйтыкчасын колдонду.



Тектеш кабарлар