Түрк басма сөзү  25.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1497036
Түрк басма сөзү  25.09.2020

«Ватан» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу билдирүү» деген кабарында кечээ Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин жарыяланган билдирүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдарга байланыштуу : «Түрк улутунун ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да кургактык, деңиз, абадагы теңдик жана кызыкчылыктарын коргоодо жол бербей тургандыгы дагы бир жолу  билдирилди»,- деп жазган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү коронавирустагы ийгилиги менен дүйнөнүн мыкты армияларын артта калтырды» деген макаласында түрк куралдуу күчтөрү вирус жуктурган аскердик кызматкер саны боюнча эң аз армия болуп, АКШ, Россия, Франция, Италия жана Британия сыяктуу маанилүү армияларды артта калтырганын белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Министр Албайрак : жылды күтүлгөндөн дагы жогорку деңгээлде жабабыз» деген маалыматында Казына жана каржы министри Берат Албайрактын твиттерден берген маалыматында Түркия Республикасынын Борбордук банкы тарабынан билдирилген сентябрь айындагы кубаттуулукту пайдалануу катнашына байланыштуу баа бергенин билдирген. Албайрак : «Жылдын үчүнчү чейрегине байланыштуу акыркы маалыматтар оң келүүнү улантууда. Кубаттуулукту пайдалануу катнашы сентябрь айында 1,3 баллга өсүп 74, 6 пайыздык деңгээлге чыкты. Буйруса  акыркы чейректе да бул ушул боюнча улантылат жана жылды күтүлгөндөн дагы  жогорку деңгээлде аяктайбыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Газиантепте ТЕКНОФЕСТ» деген кабарында өнөр жай жана технология министрлиги менен Түркия технологияларын таанытуу фондунун жол башчылыгында уюштурулган Космостук жана технология фестивалы ТЕКНОФЕСТ 2020нын Газиантепте башталгандыгын жазган. Фестивалдын ачылуу аземине катышкан өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн фестивалда 100 000ден ашуун кайрылуунун болгонун айтты.

«Сабах» гезити «Түркиядан маанилүү кыймыл! 30 -  ноябрда космоско жиберилет» деген макаласында спутник ээси 30 өлкөнүн бири болгон Түркиянын бешинчи муундагы кабарлашуу спутниги Түрксат 5Анын 30 – ноябрда космоско жиберилерин белгилеген. Түркия жаңы спутниктердин учурулушу менен түзүлө турган флоту менен Азияда, түрк республикалары менен бирге Кытайга чейин созулган аймакка, Африка жана Европаны камтыган георграфияга  кызмат кылат.

 

 

 



Тектеш кабарлар