Түрк басма сөзү 14. 09. 2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1490182
Түрк басма сөзү 14. 09. 2020

«Сабах» гезити «Вице  - президент Фуат Октай Грецияга каршы чыкты» деген кабарында вице  - президент Фуат Октайдын Грециянын президенти Катерине Сакелларопулунун кечээ эл аралык мыйзамды тебелеп Мейс аралына аскердик тик учар менен барышына каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Октай : «Чыңалуу тууралуу бизди күнөөлөгөндөр Грециянын бүгүн Мейс аралындагы провакациясын көрө алышпайт. Анткени алардын милдети көрүшпөйт, кулактары бар укпайт. Тилдери бар чындыктарды айтышпайт. Негизги маңыроолор ошолор»,- деди.  

«Йени шафак» гезити «Министр Дөнмез сүйүнчүлөдү : «Кануни» бургулоо үчүн артка карай саноо башталды» деген макаласында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин «Кануни»  бургулоо кемеси үчүн артка карай саноонун башталгандыгын жарыялганын билдирген. Дөнмез : «Кара деңизде бургулоо иштерин баштайт жана «Фатихтин» күчүнө күч кошот»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия дүйнөлүк үй эмеректери экспортунда 6 баскыч бирден жогорулады» деген кабарында  борбору Милан болгон изилдөө борбору Өнөр жай изилдөө борборунун (CSIL) отчетуна караганда Түркия дүйнөлүк үй эмеректери экспортунда 6 баскыч жогорулап сегизинчи орунга чыкканын белгилеген. Түркия мурунку жылга караганда Испания, Дания, Франция, Мексика, Румыния, Малайзия жана Нидерландия сыяктуу өлкөлөрдү артта калтырды.

«Стар» гезити «Измирде иштелип чыкты:  50 өлкөгө экспорттолууда» деген маалыматында Измирде чыгарылган коронавируска каршы антитело тести 50гө жакын өлкөгө сатылганын жазган. Мендерес районунда 25 жылдан бери иш алып барган жана диагностикалык топтомдорду иштеп чыккан Түрклаб фирмасы эпидемия процессинде чыгарган антитело тестинин өлкө тышынан чоң кызыгуу көргөндүгүн билдирди. Түрк фирма антитело тести тууралуу дүйнөдөгү биринчи 3 фирманын арасында орун алды.

«Хабер түрк» гезити «Көгүлтүр суулардын миллион долларлык коноктору Бодрум булуңдарында» деген жазуусунда Түркиянын көзгө көрүнүктүү эс алуу жерлеринен Бодрумдун жыл сайын болгондой эле бул жылы да миллион долларлык люкс яхталардын учуроочу жери болгонун маалымдаган. Караада, Битез, Торба, Ялыкавак жана Гөлтүркбүкү сыяктуу булуңдарга якорь таштаган люкс яхталардагы жергиликтүү жана чет элдик коноктор, тынч табияттын койнунда эс алууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар