Түрк басма сөзү 03.09.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1484133
Түрк басма сөзү 03.09.2020

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлиги Charlie Hebdo журналын айыптады» аттуу маалыматында тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксойдун, « (Франциянын) Charlie Hebdo журналынын динибизге жана Пайгамбарыбызга карай акааратты камтыган карикатураларын кайрадан жарыялоо чечимин катуу айыптайбыз. Басма сөз, көркөм сөз же сөз эркиндиги менен мусулмандарга карата мындай кемсинтүү жана сыйлабастыкты актоо мүмкүн эмес»,дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Соода министри Пекжан: Тышкы соодабыз алдыдагы мезгилде күчтүү ылдамыкка ээ боло алат деп ишенебиз» аттуу кабарында соода министри Рухсар Пекжандын «Тышкы соодабыз алдыдагы мезгилде көрүлгөн чаралар жана жүзөгө ашырган натыйжалуу саясат менен негизги экспорттук базарларыбызда, айрыкча ЕБде нормалдашуу менен күчтүү темпке ээ болот деп ишенебиз» дегенин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Катар падышасынын үй-бүлөсү 2 жүк ташуучу унаа толтура товар, 500 чемодан менен Бодрумда!» аттуу кабарында Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Сани үй-бүлөсү Бодрумга якору түшүрүлгөн миллион долларлык яхтасы Катарага келишкенин жазган. Падышанын үй-бүлөсү яхтага өткөндөн кийин жеке Jumbo учагынан түшүрүлгөн 2 жүк ташуучу унаанын ичинен 500 чемодан жана суучул түтүкчөлөрү эң көзгө урунган буюмдар болгон. Падышачылык үй-бүлөгө атайын ашпозчулар, официанттар, суучулдар боюнча инструкторлор, балдарды багуучу аялдар, жансакчылар жана кайык экипажы болуп жалпысынан 180 адам келгени болжолдонууда.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан социалдык медиа платформасы аракети» аттуу кабарында санариптик дүйнөнүн жаңы социалдык медиа маркасы Түркиядан чыканын жазган. Инновациялык жана динамикалык структурасы менен көңүлдү өзүнө бурган жаңы муундагы "Яай" социалдык медиа платформасы ишке киришти. Күн тартиби жана жаңылыктарга көз салуу, так маалыматка жетүү, маалымат алуу жана төш белгини колдонуу сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен башка колдонуучунун тажрыйбасын сунуш кылууну көздөгөн «Yaay», башка социалдык медиа платформалардын көптөгөн өзгөчөлүктөрүн бир чатырдын астында топтойт.

«Сабах» гезити  «Формула-1 Түркияга кайтып келе жатат!» аттуу кабарында Дүйнөнүн төрт бурчунан миллиондогон көрүүчүлөрдү камтыган Формула-1 жарышы 9 жыл аралыктан кийин кайрадан Стамбулда өткөрүлөрүн маалымдаган.  Формула 1 DHL Түркия Гран-При турнирине ноябрь айында 13-14-15 күндөрүндө 20 миң чет элдик болуп 100 миң кишинин келиши күтүлүүдө. Сынак Түркиянын экономикасына 100 миллион долларлык салым кошот.

 



Тектеш кабарлар