Түрк басма сөзү-09.07.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1451928
Түрк басма сөзү-09.07.2020

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен жолукту» аттуу маалыматында тышкы иштер минстри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен жолукканын жазган. Чавушоглу, Англиядагы жолугушууларында Ливия темасы да каралганын айтып, «Улуу Британия дагы, биз дагы эң жакшы чечүүчү жолдун, ал эмес жалгыз жолдун саясий чечүүчү жол болгонун ойлоодобуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Калындын Ливия тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Ливияда мыйзамдуу Триполи өкмөтүнө колдоосунун мындан ары да улана бере турганын айтканын баяндаган. Түркиянын Ливияда мыйзамдуу өкмөттүн суранычы боюнча өткөн декабрь айында Ливия менен Аскердик кызматташтык жана коопсуздук келишимине кол койгонун эске салган Калын: «Бул келишимдин алкагында БУУ да тааныган мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөтүүдөбүз. Ал жерде Түркиянын кийлигишүүсү менен жаңжалга тең салмактуулук алып барганын эми ар ким билет»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Караисмаилоглу Овезов менен сүйлөштү» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун кечээ Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары Байрамгелди Овезов менен видео конференция форматында жолугушуу өткөргөнүн маалымдаган. Жолугушууда кургактык, темир, деңиз жолу жана жарандык авиация тармагындагы учурдагы жакын карым-катнаштардын дагы өнүктүрүлүп алдыга жылдырылышы максатында таштала турган кадамдар каралды.

«Хүррийет» гезити «Turkish Cargo флотунун базар үлүшү өстү» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экшинин июнь айында Turkish Cargo флотунун дүйнөдөгү үлүшүнүн 5 пайызга жеткенин белгилегенин жазган. Экши Твиттерден бөлүшүүсүндө, «Жүргүнчү учактарыбыз менен учурдагы жүк флотубузду да өнүктүрдүк. Асмандагы ар бир 20 жүктөн бирөөнү биз ташыдык» деген маалымат берди.

«Стар» гезити «А улуттук курама команда 3-сентябрда Сиваста ойнойт» аттуу маалыматында А улуттук курама футбол команда, УЕФА лигасындагы алгачкы беттешүүсүн Венгрия менен 3-сентябрда Сиваста ойной турганын маалымдаган.


 



Тектеш кабарлар