Түрк басма сөзү 05.06.2020
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Ватан» гезити «Эрдоган Хафтерди колдогондорду тарых соттойт» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган жана Ливиянын премьер - министри Файиз ес Сарраждын Бештепеде жолугушканын билдирген. Козголоңчу Хафтердин кол салууларына карабастан Сарраждын бирдей мамиледе экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Козголоңчу Хафтерди колдоо менен Ливияда кан жана көз жашын агызгандарды тарых соттойт»,- деди.
«Стар» гезити «Серраж: «Түркияга Ливия тууралуу ыракматыбызды билдирдик» деген макаласында Ливиянын премьер - министри Файиз ес Сарраж Ливияда душманды толугу менен жок кылганга чейин күрөшүшөрүн белгилегенин жазган. Мындан кийин мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Хафтерге сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнүн берилбей турганын айткан Сарраж : «Ливияны кайрадан куруу процессинде Түркия фирмаларын Ливияда көрүүнү каалайбыз»,- деди.
«Хүррийет" гезити «Түркия 102 өлкөгө медициналык каражат боюнча жардам берди» деген жазуусунда президент Р. Т. Эрдогандын Лондондо өткөрүлгөн 2020 Глобалдык вакцина саммитине видео билдирүү жиберип катышуучуларга кайрылганын белгилеген. «Ковид - 19 негизинен чоң үй - бүлө экенибизди, тагдырыбыздын жана келечегибиздин орток экенин дагы бир жолу эске салды»,- деген Эрдоган : «Ушул кезге чейин 102 өлкөгө медициналык жактан жардам бердик»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «40 өлкөгө каттам 10 - июндан башталат» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу 10 - июндан тарта баскыч түрүндө 40 өлкөгө учак каттамдарынын башталарын билдиргенин маалымдаган. Караисмаилоглу «Өлкө тышына карата учак каттамдары биринчи болуп Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Бахрейн, Болгария, Катар жана Грецияга баштатат»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Украиналык депутат Марченко : Түркияга каршы алып келинген бир маселе биздин өлкөбүздө кабыл алынбайт» деген кабарында Украинада 1915 - жылдагы окуяларга карата даярдалган мыйзам долбоору кайра алынды. Украиналык депутат Людмила Марченко : «Өлкөбүздө күн тартибине келген армян дооматтары толугу менен оорулуу бир маселе жана биздин өлкөбүздө бул маселе талкуулана албайт. Досубуз Түркияга каршы күн тартибине алып келинген маселе биздин өлкөдө кабыл алынбайт»,- деди.