Түрк басма сөзү-01.06.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1427436
Түрк басма сөзү-01.06.2020

«Сабах» гезити «Дүйнө жүзүндө саламаттык сактоо системасы кыйрап жатканда Түркия кайра суктандырды» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулда курулган Йешилкөйдөгү «проф.д-р Мурат Дилмене»р өзгөчө кырдаал ооруканасы менен «Хадымкөй д-р Исмаил Ниязи Куртулмуш» ооруканасынын ачылыш аземине катышты. Ковид-19 пандемия процессинде маанилүү ролду ойгой турган ооруканалар, ошол эле учурда саламаттык сактоо туризминин алкагында чет элдик оорукчандарды тейлейт.

«Йени шафак» гезити «Англиянын берүү органынан Түркияга мактоо» деген кабарында Англиянын коомдук берүү мекемеси ВВСнин Түркиянын коронавирус менен күрөшүүсүнүн ийгилик аңгемеси болгонун белгилеп өлкөбүздүн иш-аракеттерин мактаганын баяндаган. Кент университетинен д-р Жереми Россман: «Түркия, ачык айтканда чоң апааттын алдын алды» десе, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Түркия боюнча өкүлү д-р Иршад Шайх: «Түркиянын элдин саламаттыгы темасында дүйнөгө бере турган сабактары бар»,-деди.

«Стар» гезити «ТКК, АКШ, Орусия,Франция сыяктуу армияларды артка калтырды» деген кабарында Түрк Куралдуу Күчтөрү (TSK), болжол менен 500 миң адам болгонуна карабастан, биринчи учурдан бери көрүлүп жаткан ыкчам чаралардын негизинде дүйнөдө коронавирус учурлары эң аз болгон армиялардын катарына киргенин белгилеген. Жуктургандардын санынын азыркы учурга карата катышын карасак, эң аз учурлары болгон ТКК, АКШ, Орусия, Франция, Италия жана Англия сыяктуу маанилүү армияларга үлгү боло алды.

«Ватан» гезити «Түркияда быйыл 486 пляжга көк желек берилди» деген маалыматында Бул жылы Түркиядагы 486 пляждар көк желекке татыктуу болушканын жазган. Гигиена коронавирустан кийин туризмди тандоодо эң маанилүү критерий болуп калат. Дүйнөдө 3-орунда турган Түркия, быйыл маанилүү саякат тандоолорунда алдыңкы планга чыгат.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдорунун учактарында тамак-аштар жабык куту менен берилет» аттуу кабарында коронавирустун кесепетинен учак каттамдаран кайрадан баштаган Түрк аба жолдору (THY) тамактануу кызматында дагы өзгөрүүүлөр жасалганын баяндаган. Буга караганда учактын ичиндеги тамак-аштар контактты азайтыш үчүн жабык кутунун ичинде берилет, чай жана кофе тейлөөсү болбойт.



Тектеш кабарлар