Түрк басма сөзү- 30.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1387703
Түрк басма сөзү- 30.03.2020

«Стар» гезити «Түркиянын оорукана шаарчалары дүйнөгө үлгү болду» аттуу маалыматында бүткүл дүйнөдө адам өмүрүн ала баштаган коронавирус (Ковид-19) Кытайда жана Европада саламаттык сактоо кызматкерлерине жукканы аныкталып жатканда эми Түркияда акыркы 15 жылда салына баштаган кеңири жабык аянттары болгон оорукана шаарчаларына көңүл бура баштаганын жазган. Кытайдагы бир изилдөөгө караганда 81 миң инфекция жуккандардын 40 пайызынын ооруканаларда жукканынын себебинен жайылганы белгилүү болуп, Түркиядагы жабык аянттары 450 миң чарчы метр жана андагы оорукана шаарчаларынын вирустун Түркияда жайылуу ылдамдыгын жарымга түшүргөн абалда.

«Йени шафак» гезити «Түркия бул илдетти жеңгидей күчтө» аттуу маалыматында Түркиянын эң көп патентке ээ болгон үчүнчү фирмасы болгон жана 3 миңден ашуун иштегени менен дары өндүргөн, 50 өлкөгө дары экспорттогон Neutec дарынын башкаруу кеңешинин төрагасы Махмут Билгич, Түркиянын коронавирусту жеңе турган позицияга жана күчкө ээ экенин айтканын баяндаган. Билгич, Түркияда саны 25 миңге жеткен дарыканалардын  арачылыгы менен иммунитет систмеасын күчтөндүрө турган дарылар жана азык-түлүк кошулмаларынын элди тейлөөгө сунушталганын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түркия процессти эң аз чыгым менен ашып өткөн экономикалардан бири болот» аттуу маалыматындаборбордук банктын төрага орун басары Огузхан Өзбаштын Түрк экономикасынын динамикалуу түзүмү менен коронавирус процессин эң аз чыгым менен жана кыска мөөнөттө ашып өткөн экономика боло турганын белгилегенин баяндаган.Борбордук банктын колунда абдан кеңири жана таасирдүү инструмент бар экенин баса белгилеген Өзбаш, булар күчтүү жана ылдам түрдө колдонула турган абалда экендиктерин сөз кылды.

«Хүррийет» гезити «Франция, Түркия сыяктуу чара көрө алган жок» аттуу маалыматында Франциянын Le Havre клубунда ойногон улуттук футболчу Умут Мераштын Францияда адамдардын коронавирус коркунучун олуттуу карабагандарын, проспект жана көчөлөрдө эркин басып жүргөндөрүн, бет кап же мээлей тагуу темасында сезимталдыгы болбогонун белгилеп өткөнүн жазган. Мераш, «Францияда адамдар Түркиядагы сыяктуу чараларды көрүшү керек. Францияда учурда Италиядагы сыяктуу жаман көрүнүш бар. Анын үстүнө абал дагы  начарлап кеткенин айтышууда»,-деди.

«Сабах» гезити «Футболчулар баштаган акцияга колдоо көчкүдөй көбөйүп баратат» аттуу маалыматында футбол дүйнөсүн иш-аракетке өткөргөн алгачкы кадамдар Тунжай Шанлынын Сакариядагы мейманканасын саламаттыкты сактоо кызматкерлерине бөлө турганын билдирүүсү менен башталганын маалымдаган. Анын артынан Адем Бүйүк жана Мерих Демиралдын Саламттык сактоо министрлигине бет кап, тест комплектисин жана коргоочу шайман жардамдарын берди. Демирал окуучуларга китеп комплектисин жана муктаждарга азык-түлүк жардамын берди. Социалдык медиада «Сен да барсыңбы?» билдирүүсү менен бири-бирине пас берген футболчулар, акциянын көчкүдөй өсүшүн камсыздады.



Тектеш кабарлар