Түрк басма сөзү-20.02.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1363414
Түрк басма сөзү-20.02.2020

«Хүррийет» гезити «Эрдоган; Идлибге кыймыл көз ирмемде болуучу маселе» аттуу маалыматында  президент Режеп Таййип Эрдогандын өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйналышында Идлибде болгон адамзат трагедиясына байланыштуу сөз сүйлөгөнүн баяндаган. Эрдоган: «Режимдин чегинүүсү үчүн акыркы күндөр, эми акыркы эскертүүлөрбүзү кылып жатабыз. Идлибге кыймыл көз ирмемде болуучу маселе. Өлкөбүздүн бул тууралуу чечкиндүүлүгүн эмдигиче түшүнбөгөн режимге жана ага күч бергендерге Идлибди калтырбайбыз.Түркия өз планын даярдады, бардык операцияда болгону сыяктуу «бир түнү капыстан кирип келебиз»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Министр Акардын Идлиб тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, «Идлибдеги абалдар тууралуу Сириядагы көзөмөл пункттарынан артка чегинишинин мүмкүн эмес экенин, бул жерлерге кол салуулар болсо эселентип жооп кайтарыла тургандыгын айттык, атуудабыз. Бул ок атышпоонун камсыздалышы, аккан кандын токтотулушу үчүн ылдам түрдө тараптар Сочи меморандумунун убадаларына баш ийүүсүн күтүүдөбүз. Биз баш ийдик, берки тарпатардын дагы баш ийишин күтүүдөбүз»,-дегенин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Шентоп Макронго каршылык көрсөттү» деген кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламий сепаратизм менен күрөшө тургандыгы жөнүндөгү сөздөрүнө каршылык көрсөткөнүн жазган. Шентоп Твиттер баракчасынан: «Сахелде, Ливияда тынчтыкты бузган, Ислам дүйнөсүндө баш аламандыкты жараткан Франциянын президенти жана Ливиядагы козголоңчу Хафтердин колдоп курал менен камсыздаган Макрондун Исламий сепаратизм менен күрөшө тургандыгы жөнүндөгү сөздөрү Исламга кастык болуп саналат. Франция алгач жикчил жана кыргын салган өтмүшүн карап чыксын»,деген серебин салды.

«Сабах» гезити «Мевлана музейи 2019-жылы зыяратчы рекордун багындырды» аттуу маалыматында Дүйнөлүк машстабда  кызыгууларды тарткан ислам ойчулу Мевлана Желаледдин-и Руминин күмбөзү орун алган Кониядагы Мевлана музейи өткөн жылы 3 миллион 464 миң киши менен акыркы 10 жылдагы эң жогорку зыяратчы санына жетип, өз рекордун жаңылаганын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Чоң атамдын адамдары Будапештте кино сүйүүчүлөр менен жолукту» аттуу маалыматында «Чоң атамдын адамдары» аттуу кино тасма Венгриянын борбор шаары Будапештте көрсөтүлгөнүн маалымдаган. Будапештте «Юнус Эмре» инстуту менен Түркия-Венгрия студенттик коому тарабынан уюштурулган иш-чарада көрсөтүлгөн, режиссерлугун Чаган Ырмак кылган кино тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар