Түрк басма сөзү-23.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1328098
Түрк басма сөзү-23.12.2019

«Стар» гезити «Эрдоган; Сириядан келген көчтү бүтүндөй Европа сезет» аттуу маалыматында Сирияда режимдин бомбалоосу уланган Идлибден 80 миң кишилик жаңы көч толкунуна көңүл бурган президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Мындай абалда бул көч жүгүн Түркия өзү жалгыз көтөрө албайт. Биз дуушар боло турган кысымдардын терс чагылышууларын Греция баш болгон бардык Европа өлкөлөрү дагы сезе турган маселе болот. Биз Орусия багытында кол салуулардын соңуна чыгышы үчүн керектүү ар түрдүү аракетти көрсөтөбүз, көрсөтүүнү дагы улантуудабыз. Бир делегацияны Москвага жөнөтүүдөбүз, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт жана чыга турган натыйжага жараша биз да кадамдарыбызды белгилейбиз»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган; Түркия таштаган кадамдарынан эч качан баш тартпайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Сирияда таштаган кадамдардан дагы, Ливия менен жетишкен макулдашуулардан дагы эч качан баш тартпай турганын айтканын баяндаган. Эрдоган, Греция жана аны колдогон өлкөлөр менен Жер Ортолук деңизге жээктеш айрым араб өлкөлөрүнүн  көп жылдар бою Түркияны деңизге кадам таштай алгыс абалга келтирүүнүн аракетин кылгандарын белгиледи. Эрдоган, Түркияны Ливия менен деңизден коңшу кылган келишимдин кол коюлушу менен бул кыңыр оюндарды бузгандарын маалымдады.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Сирияда болгону сыяктуу Ливияда болуусун улантат» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркиянын өтмүштө болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да эзилген жана жапа чеккендерди колдогонун айтканын баяндаган. Акар: «Бүгүнкү күндө Сирияда болгону сыяктуу Ливияда дагы тынчтык, бакубаттык жана коопсуздук камсыздалганга дейре лииялык туугандарыбыздын жанында орун алышыбызды улантабыз»,-деди. Ливия менен кол коюлган меморандумга токтолгон Акар, Жер Ортолук деңизде эки өлкөнүн тең укук жана кызыкчылыктарынын корголо турганын белгиледи.

«Сабах» гезити «Түркия үчүн тарыхый күн «Пири Реис» суу астынан сүзүүчү кемеси сууга түшүрүлдү» аттуу кабарында жаңы муундагы суу астынан сүзүүчү кеме долбоорунун алгачкы кемеси «Пири Реис» президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда кечээ сууга түшүрүлгөнүн жазган. «Пири Реис» суу астынан сүзүүчү кеменин 2022-жылы тейлөөгө кирүүсү пландалууда. Суу астындагы, суу үстүндөгү жана кургактыктагы буталарга каршы заманбап куралдар менен жабдылган суу астынан сүзүүчү кемеде бир топ үлгүдөгү торпеда, ракета ата алуу жана мина төгүүчү өзгөчөлүктөрү бар.

«Йени шафак» гезити «Түркияга крейсер туризми ылдамдайт» деген кабарында Түркиянын акыркы мезгилде Жер Ортолук деңиздин эң мыкты дестинациясы деп жарыяланып Европада эң мыкты жээк тандалышы жана Стамбул аэропортунун процесске киришинен кийин деңизчиликте сөз болгон секторго да чет өлкөдөн кызыгуу артканын маалымдаган. Celebrity Cruise, MSC Cruises жана Celestyal Cruise кемелери  2021-жылдан баштап Стамбул, Кушадасы жана Измир сыяктуу бир топ Түркия портторуна тартиптүү түрдө сапар жасайт. 2021-жылдын акырында бул кемелер 200 миң чакты туристти Түркияга алып келет.



Тектеш кабарлар