Түрк басма сөзү 06.12.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1319098
Түрк басма сөзү 06.12.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган Британияда журналисттер менен маектешти : экинчи төрттүк саммити Стамбулда» деген кабарында коммуникация башкармалыгынан кечээ берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Британияда журналисттер менен маектешүү өткөргөндүгүн жазган. Эрдоган : «Төрттүк саммитин жылда бир жолу өткөрүү чечимин чыгардык. Экиничи саммитти  февраль айында Стамбулда өткөрөбүз. Ал тууралуу өз арабызда чечим чыгардык»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунан ЕККУга ФЕТӨ эскертүүсү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Фетуллахчы террордук уюмга караштуу киши жана группалардын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун кээ бир жыйындарына катышкандарын белгилеп : «Бул террордук группа түрк демократиясын кулатууга аракет кылган 2016 -  жылдагы козголоң кыймылынын артында»,- деди.

«Ватан» гезити «Стамбулдан турист саны акыркы 5 жылда эң жогорку чегине жетти» деген макаласында Стамбулда бул жылдын 10 айында 12 миллион 690. 576 чет элдик турист келип мунун акыркы 5 жылдын эң жогорку турист саны болгондугу белгиленди. Бул жылдын 10 айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин арасында 965 115 турист саны менен немистер биринчи орунду алды.

«Сабах» гезити «Президенттиктин инвестиция офисинин төрагасы Эрмут : Түркияга карата чет элдик инвестициясы артууда» деген кабарында президенттиктин инвестиция офисинин төрагасы Арда Эрмут чет элдик инвестициялардын дүйнөдө азайгандыгын, Түркияда болсо арткандыгын белгилеп : «Дүйнөдө баары инвестиция жактан Түркия сыяктуу жакшы эмес. Түркия инвестиция мүмкүнчүлүктөрү жактан өзүн айырмалап жатат»,- дегенин жазган.



Тектеш кабарлар