Түрк басма сөзү-07.11.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1302070
Түрк басма сөзү-07.11.2019

«Сабах» гезити «Эрдоган Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдаган. Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен катар аймактагы абалдар дагы каралды. Эки лидердин АКШнын президенти Трамптын чакыруусу боюнча 13-ноябрда Вашингтондо жолугуша тургандарын дагы бир жолу тастыктагандары билдирилди.

«Ватан» гезити «Министр Дөнмез; «Фатих» кемеси кыска мөөнөттөн кийин бургулоосун баштайт» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Фатих Дөнмездин «Фатих» кемесинин кыска мөөнөттүн ичинде бургулоосун баштай турганын маалымдаганын жазган. Министр Дөнмез, борбор шаар Анкарада уюштурулган 12-Эл аралык Энергетика конгресси жана жарманкесинин ачылышында сүйлөгөн сөзүнөн кийин, «Фатих бургулоочу кемеси Финикедеги бургулоосун бүтүрдү, май толтуруу жана жабдыктар үчүн Мерсиндеги Ташужу портуна келди. Бир канча апталык толуктоо жана жаңылоо иштеринен кийин кайрадан Түндүк Кипр Түрк Республикасынан белгилеп алган жерде эң кыска убакта бурглоосун баштайт»,деген маалыматты берди.

«Стар» гезити «Ички иштер министри Сойлу; Түркия террор менен күрөшүүдөн коркпойт» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээ Антальядагы маалыматында террор менен күрөшүү темасында бүгүн дүйнө жүзүнүн таң калуу менен байкап жаткан процессти башкаргандарын белгилеп, «Түркия террор менен күрөшүүдө канчалык таасирдүү, чечкиндүү жана бул темада эч корпогонун көрсөтүүдө»,дегенин берген.

«Йени шафак» гезити «Сирияда коопсуз байланыш үчүн старт берилди; интернет Газиантептен кетет» аттуу маалыматында «Тынчтык булагы» операциясынан кийин террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган аймактарда коопсуздуктун камсыздалышы үчүн иштер башталганын жазган. Түркия оорукана, навайкана жана почта сыяктуу тейлөөлөр менен катар байланыш сыяктуу маанилүү темаларда кадам таштоодо экенин маалымдаган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлгө алган аймактарда интернет жана телефон желеси тейлөөсү Газиантептин борборунан жергиликтүү фирмага камсыздалып жатканда, сириялыктар коопсуз түрдө жашоосун улантууда жана жетишилген айрым орчундуу табылгалар террористтердин кармалында чоң роль ойноодо.

«Хүррийет» гезити «Октябрь айында 267 миллион доллар зер буюмдары экспорттолду» деген маалыматында Зер буюмдарын экспортчулар биримдигинин 2019-жылы октябрь айы үчүн зер буюм экспортунун көрсөткүчтөрүн жарыялаганын жазган. Буга караганда октябрь айында 267 миллион 293 миң 310 доллардык зер буюм экспортун ишке ашырган Зер буюмдарын экспортчулар биримдиги 2019-жылдын 10 айында жалпы 3 миллиард 488 миллион доллардык экспортту ишке ашырды.



Тектеш кабарлар