Түрк басма сөзү 01.11.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1298414
Түрк басма сөзү 01.11.2019

«Ватан» гезити «Эрдоган : «Министрлерге жолдомо бердик»,- деп жарыялады» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган кечээ Грузиянын президенти Георгий Гахария менен жолугушкандан кийин берген маалыматында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине берилген жолдомо менен кыска убакытта стратегиялык кызматташуу кеңешин чогултарын билдиргендигин жазган. Эрдоган стратегиялык өнөктөштүктүн бир гана эки өлкө үчүн эмес, аймак үчүн да оң жыйынтыктарды жаратарына ишенгендигин билдирди.

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Францияга катуу каршылык көрсөтүлдү» деген кабарында Түркия Франциянын «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу кабыл алган чечимин айыптагандыгын жазган. Кечээ тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Сирия жерлеринде бир террор мамлекетин курууга аракет кылган Франциянын ойлогон оюу ишке ашпай калгандан кийин бул чечимди кабыл алгандыгы ачык экендиги билдирилди.

«Сабах» гезити «Министр Акардан билдирүү» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ Сирия чек арасындагы бөлүктөрдү текшергендигин маалымдаган. Тель Абяддагы аскерлерге рация менен кайрылган Акар : «Түркиянын ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүн көрбөстүккө салуу толук мааниси менен бир жамандык, караңгылык, көшөрүүчүлк. Бул жерде бир нерсе бүтө элек, күтүлбөгөн жерден баары болушу мүмкүн. Ошого жараша баары даярдыктуу болушу керек»,- деди.

«Стар» гезити «Министр Албайрак : инфляцияда биринчи жолу 5 пайыздан төмөн болгон пайызды көрөбүз» деп жарыялаган макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрак кечээ Малатия иш дүйнөсүнүн жолугушуу программасында сүйлөгөн сөзүндө : «Жаңы Экономикалык Программада тарыхыбызда, инфляцияда биринчи жолу 5 пайыздын астына түшүүнү көрөбүз»,- деди. Берат Албайрак 2019 -  жылдын позитивдүү өсүү менен жабыларын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Сабиха Гөкчен 10 жылда 240 миллион жүргүнчүнү тосуп алды» деген кабарында 2009 -  жылдын 31 -  октябрында ишке кирген жана 8 баллдык жер титирөөгө чыдамдуу Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортунун терминал имараты 10 жылды артта калтырып, 240 миллион жүргүнчүнү тосуп алганын жазган.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар