Түрк басма сөзү-10.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1285580
Түрк басма сөзү-10.10.2019

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган; операция башталды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Сирия операциясынын башталганын, «Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн Сириянын улуттук армиясы менен бирге Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады»,-деп маалымдаганын баяндаган. Максатыбыз түштүк чек арабызда түзүлүүгө аракет кылынган террор тилкесин жок кылуу жана аймакка тынчтык жана ырааттуулукту алып келүү»,деген билдирүүсү менен жарыялады.

«Сабах» гезити «Чавушоглунун операция боюнча маалымдоосу» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сириянын түндүгүндөгү террордук уюм ЙПГ/ПКК буталарына карай кечээ башталган «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу, «Операциябыз эл аралык эреже, БУУнун шартынын 51-беренеси жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин террор менен күрөшүү тууралуу токтомдорунун талабы боюнча ишке ашырылууда»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Ибрахим Калын, АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси менен сүйлөштү» деген маалыматында Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындын АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси элчи Роберт С. О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жазлыган. Маалымдалгандай Калын-О'Брайен сүйлөшүүсүндө, Сириянын түндүгүндө коопсуз аймактын түзүлүүсү жана бул багытта мындан кийин ташталышы көздөлгөн кадамдар каралды.

«Стар» гезити «Текирдагда бай жаратылыш газ запасы табылды» деген маалыматында Түркиянын Мунай заттары акционердик өнөктөштүгү тарабынан Текирдагдын Капаклы районунда жүргүзүлгөн жаратылыш газ издөө иштери натыйжа бергенин маалымдаган. Аймакта бай жаратылыш газ запасы табылды.

«Ватан» гезити «Дүйнөлүк банк, Түркия үчүн өнүгүү божомолун жаңылады» деген маалыматында Дүйнөлүк банктын Түрк экономикасы үчүн 2019-жылы өсүү божомолун жогору багытта жаңылаганын жазган.  2019-жылы Түрк экономикасынын 1 пайызга тарый турганы жөнүндөгү күтүүсүн 0,0 деп жаңылаган Дүйнөлүк банк, 2020 жана 2021-жылдар үчүн Өлкө ичи дүң өндүрүмдүн өсүү божомолун 3 жана 4 пайыз деп кайталады.



Тектеш кабарлар