Түрк басма сөзү-03.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1281042
Түрк басма сөзү-03.10.2019

«Сабах» гезити «Коопсуз аймак түзүү темасында  алагды кылуу тактикаларына өткөөл жок» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Сирияда АКШ менен макулдашылган коопсуз аймак түзүү темасында алагды кылууга уруксат бербей тургандарын айтканын жазган. Акар: «Коопсуз аймак курулуусу темасында мындан мурда да жасалганы сыяктуу ошондой эле тактика менен алагды кылуу, кечиктирүү болсо бул (АКШ менен биргелешкен) иштешүүлөр токтойт. Мында абдан чечкиндүүбүз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Сентябрь айында экспорт 15,22 миллиард доллар болду» деген маалыматында өткөн жылы сентябрь айында экспорттун 22,7 пайыздык өсүү көрсөтүп эң жогорку өсүүнү ишке ашырганын белгилеген соода министри Рухсар Пекжандын, «Быйыл ага жетип, андан бираз аштык. Сентябрь айында экспортубуз өткөн жылдын сентябрь айындагы күчтүү көрсөткүчтүн үстүнө чыгып 15 миллиард 220 миллион доллар болду»,дегенин баяндаган. Пекжан: «Сентябрь айында экспортубуз 0,15 пайыздык өсүү көрсөтүп 16 миллиард 961 миллион доллар болду. Жылдын 9 айындагы жалпы экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,56 пайыза артып 132 миллиард 505 миллион долларга жетти»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Автомобиль соодасы 100 пайызга артты» деген малыматында Борбордук банктын пайыз төмөндөтүүсүнөн кийин мамлекттик жана жеке менчик банктардын да жеке кишилердин насыя пайыздарын төмөндөтүшүнүн таасири менен сентябрь айында автомобиль сатуулары өткөн жылдын бирдей эле айына караганда 100,67 пайызга артканын жазган. Сентябрь айында автомобиль сатуулары жылдык түрүндө каралганда 100,67 пайыз өсүү менен 35 миң 308ге жетти, жеңил соодалык унаалардын сатылышы 23,03 пайызга өсүп 6 миң 684кө жетти.

«Ватан» гезити «Volkswagen Turkey курулду» деген маалыматында борбору Германияда орун алган автомобиль ишканасы Volkswagen Манисада 943,5 миллион капиталдуу фирма курганын маалымдаган. Volkswagen Манисага 1,4 миллиард евролук инвестиция салат. Фирма; автомобиль, жүк ташуучу унаа жана ар түрдүү моторлуу унаа жана транспорт унааларынын долбоорлонушу, жасалып чыгышы жана чогултулушу, булардын тетиктеринин жана компоненттеринин долбоорлонушу, жасалышы жана чогултулушу менен бардык ушул чыгарылыштардын соодасы, экспорту жана импорту баш болгон бул темаларга тийиштүү берки иш-аракеттерди да жүргүзүү максаты менен курулду.

«Стар» гезити «Салттык спорт жана Маданий этноспорт фестивалында жолугушат» деген маалыматында бүткүл дүйнөдөгү салттык оюндардын кеңири эл массалары менен жолугушуусуна чоң салым кошо турган Этноспорт маданият фестивалынын төртүнчүсү быйыл 16 өлкөнүн катышуусу менен 3-6-октябрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулдун Йешилкөй районунундагы «Ататүрк» аэропортунда ишке ашаарын маалымдаган. Этноспортто элдик маданиятка таандык салттарды коргоо приоритеттүү максат катары алдыга чыгат. Фестивалда салттык жаа атуу, күрөш мелдештери, атчан найза ыргытуу, көкбөрү, атчан жаачылык жана пато болуп бардыгы 12 спорттук тармакта таймаштар өтөт.



Тектеш кабарлар