Түрк басма сөзү-20.08.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1255459
Түрк басма сөзү-20.08.2019

«Ватан» гезити «Террордук уюм ПККга «Кыран операциясы» аттуу маалыматында Хаккари, Шырнак жана Ванда кечээ террордук уюм ПККга карай жандармерия, коопсуздук бөлүктөрү жана коопсуздук күзөтчүлөрүнүн катышуусунда «Кыран операциясы» башталганын жазган. Операцияны жандармериянын башкы командири Ариф Четин бакшарууда.

«Стар» гезити «Түркия-Орусия-Азербайжандын Энергетика жана транспорт кызматташтыгы форуму өтөт» аттуу маалыматында Орусиянын изилдөө институту тарабынан 21-августта Анкарада Түркия-Орусия-Азербайжандын Энергетика жана транспорт кызматташтыгы форуму өтө турганын маалымдаган. Форумда Кавказ жана Орто Азияга таасир бере турган жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилип, үч өлкөдөн адистер пикир алмашышып, маселелердин чечилишине карата сунуштарды баяндашат.

«Хүррийет» гезити «Трабзонго жергиликтүү, чет элдик турист чубады! Ал сан 5 эсеге өстү» деген маалыматында Трабзонду акыркы 17 жылда жергиликтүү 14 миллион 318 миң 934, чет элдик 3 миллион 200 миң 625 болуп бардыгы 17 миллион 546 миң 575 киши кыдырганын жазып, 17 жылда турист саны 5 эсеге өскөнүн маалымдаган. 2002-жылы Трабзонго жергиликтүү жана чет элдик болуп жалпы 353 миң киши келсе, 2018-жылы орто эсеп менен 5 эсеге өсүп 1 миллион 766 миң кишиге жетти. Быйыл 7 айлык мезгилде болсо Трабзонго 626 миң жергиликтүү жана чет элдик турист келди.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору майрамда 2,4 миллион кишини ташыды» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорун Курман айт эс алуусунда жалпы 2 миллион 380 миң  киши колдонгонун жазган. Майрам эс алуусу убагында дүйнөнүн 125 өлкөсүнө Түрк аба жолдорунун жалпы 15 миң 269 каттамы болуп, бул каттамдарда орто эсеп менен 85,83 пайыздык толтуралык болгону маалымдалган.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын дүйнөдө сөз ээси болгон 4 продукциясы» аттуу маалыматында Түркия дүйнөдө сөз ээси болгон фындык өндүрүшүнүн 67 пайызын, алча өндүрүшүнүн 26 пайызын, анжирдин 27 пайызын жана абрикостун 23 пайызын өзү жалгыз камсыздап жатканын маалымдаган. Бир гана бул продукциялардан жалпы 2,2 миллиард доллардай киреше түштү.



Тектеш кабарлар