Түрк басма сөзү-16.08.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1253790
Түрк басма сөзү-16.08.2019

«Ватан» гезити «Чавушоглунун коопсуз аймак тууралуу жарыялоосу» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сириянын түндүгүндө АКШ менен жетишилген коопсуз аймак макулдашуусу үчүн «Трамптын 20 мил убадасы бар. Максатыбыз Коопсуз аймактан террордук уюм ЙПГ/ПККнын чыгарылышы. АКШ курал жардамын улантууда. Чынчыл болуулары керек жана алагды кылуу процессинин Түркия тарабынан туура кабыл алынбай турганын түшүнүүлөрү керек»,дегенин берген.

«Сабах» гезити «Гөккушагы дөбөлөрү чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда» аттуу маалыматында Ыгдырда орун алган жана сейрек кездешилген табигый кооздугунун арасында орун алган «Гөккушагы дөбөлөрүнө» чет элдик туристтер кызыгышууда экенин жазган. Тузлужа районунун батыш жагында миңдеген дөнүмдүк аянттагы «Гөккушагы дөбөлөрү» кызыл, күрөң, боз жана сары түстөргө ээ болгон жер кыртышынын көрүнүшү менен кооз көрүнүштөрдү түзүп турат. Аймактын туризм потенциалына байлык кошкон дөбөлөр, түс аралашмасы менен көздүн жоосун алууда.

«Хүррийет» гезити «Ири кеме Кушадасына 3100 туристти алып келди» деген маалыматында Айдындын Кушадасы районуна жанашкан Нидерландия желектүү крейсердеги 3100 турист, туризмге кыймылдуулук алып келгенин жазган. Эге Порт портуна кечээ эртең менен келген Koningsdam кемесинен түшкөн туристтерди элдик бийчилер тобу тосуп алды. Узундугу 296 метр, кеңдиги 38 метр жана салмагы 99500 грозтонна болгон ири кеме менен жол тарткан 3100 турист жана 1200 кызматкер портко кирди.

«Хабер түрк» гезити «Жүз миңдер барды» деген маалыматында Бурдурда ак кумдуу жээги, тунук суусу жана брюза түсү менен «Түркиянын Малдиви» деп билинген Салда көлү майрамда эс алуучулардын агымына учураганын жазган. Жылдын башынан бери 600 миңден ашкан кишини тоскон Салда көлү, майрамдык эс алууда да баш тартылгыс багыттардан бири болду.

«Стар» гезити «Румын ырчысы Отилия Брума;Түркия менин экинчи мекеним» деген кабарында румын ырчысы Отилия Бруманын Түркияны жана өзгөчө Бодрумду абдан жакшы көргөнүн белгилеп, «Түркия менин экинчи мекеним»дегенин баяндаган. Бодрумда концерт койгон Отилия Брума, жергиликтүү жана чет элдик туристтерге унутулгус кече тартуулады. Отилия Брума түркчө дагы ырларды ырдады.



Тектеш кабарлар